Төө (лат. Camelus, L. 1758) - ача туяктуулар түркүмүнүн төө сымалдар тукумундагы ача туяктуу жаныбар.

Эки өркөчтүү төө (Camelus bactrianus).
C. dromedarius.

Эки түргө бөлүнөт; сыңар өркөч Төө - дромедар (C. dromedarius) жана айры өркөч Төө - бактриан (C. bactrianus). Сыңар өркөч Төөнүн өңү боз, бийиктиги 183 смге жетет. Айры өркөч Төө сыңар өркөчтүүсүнөн жапызыраак, өңү кара күрөң, бийиктиги 178 см, дене уз. 158 см. Чоң Т-лөрдүн салмагы 500-800 кг. Төө - катаал климаттык шартка, кургачылыкка көнүккөн жаныбар. Төөнүн үстүнкү жаагында эки катар азуу тиши бар, карыны катуу катмарлардан турат. Ошого байланыштуу Төө катуу, кургак жана тикендүү өсүмдүктөрдү жеп, туздуу сууну да иче берет. Туяктары анча чоң эмес, таманы жазы жана жумшак. Өркөчүндө 150 кгга чейин май жыйналат. Сынар өркөчтүү Төөдөн 2-4 кг, айры өркөчтүүсүнөн 5-10 кг чууда (жүн) алынат. Эки жылда бирден бото тууйт. Төө унаа катары минидет, андан сүт, эт, чууда алынат. Сүтүнүн майлуулугу 4,5%, бир жылда 2000 кгга чейин сүт саалат, сүтүнөн кымыз, быштак жасалат. Сойгондо 50% ке чейин таза эт чыгат. Айры өркөчтүү Төөлөрдүн жапайысы Азияда (Синьцзянь чөлүндө, Монголияда), Африкада кездешет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4