Убактылуу эмгекке жарамсыздык
Убактылуу эмгекке жарамсыздык – кыска убакыт аралыгында денсоолугуна байланыштуу жумуш жасоого жөндөмсүздүк. Эмгек ишмердүүлүгүн таптакыр же узак мөөнөткө токтотуу же эмгек шартын кескин өзгөртүү зарылчылыгына алып келген туруктуу эмгекке жарамсыздык абалында болгондорго майыптык белгиленет. Жарандардын У. э. ж-гын калыс баалоо чарасы КР Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте мамлекеттик алдынала дарылоо мекемелеринин дарыгери же медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) жүргүзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|