Уваровит (Россия ИАнын президенти, граф С. С. Уваровдун (1786-1855) ысмынан аталган) - гранаттар тобундагы минерал, кальцийлүү хромду силикат, Ca3Cr2(Si04)3.

Кристалл кабыгы жука. Өңү окшош болгондуктан жана алгач Уралда табылгандыктан «урал изумруду» деп да, аталат. Өңү ачык жашыл, тунук, айнектей жылтырайт. Катуулугу 7,5, тыгыздыгы 3,43,8 г/см?. Пневматолитгидротермден пайда болот. Ултранегиздүү тектерде - хромитте жана хромдуу хлоритте кездешет. Зер таш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4