Узун камчы менен тегеренмей

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда узун камчы колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар кичинекейи тегерек сызышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тегеректе турушуп, бир колдору менен камчынын сабынан кармашып, экинчи колдорун белдерине коюшуп, камчынын учун жерге тийгизбей баштары айланып тең салмактарын жоготкуча тегеренишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу камчынын учун жерге тийгизбей тегеренген оюнчу оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Аркан менен тегеренмей, басмайыл менен тегеренмей, жүгөн менен тегеренмей, бакан менен тегеренмей, салмоор менен тегеренмей, дарактын бутагын кармап тегеренмей.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Тегерекке жакын турууга, жакындоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, токтоп кайра тегеренүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюн шамдагайлыкка тарбиялайт, кыймылдарды башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү