Укаяли - Перудагы дарыя, Амазонканын оң куймасы; кээде Укаяли Амазонканын башаты деп эсептелет.

Укаяли

Уз. 1950 км, алабынын аянты 375 миң км2. Борбордук Анд тоолорунан башталган Тамбо (жогорку агымында - Апуримак) жана Урубамба д-нын кошулушунан түзүлүп, Амазонка ойдуңу аркылуу агат. Жаан-чачын суусунан куралып, ноябрдан апрелге чейин ташкындайт. Жылдык орточо чыгымы 12 600 м3/сек. Кумария шаарына чейин кеме жүрөт. Негизги порту - Пукальпа.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4