Башбаракты ачуу

Амазонка - (индейлердин тилинде амазуну «чоң толкун») - Түштүк Америкадагы дарыя. Суусунун молдугу жана алабынын чоңдугу боюнча дүйнөдө 1-орунда. Мараньон жана Укаяли дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Узундугу Мараньондун башталышынан 6400 км, Укаялинин башталышынан 7000 кмден ашуун. Алабынын аянты 7180 миң км2 (башка маалыматтар боюнча 6915 миң км2). Алабынын көп бөлүгү Бразилияда, түштүк-батыш жана батыш бөлүгү Боливия, Перу, Эквадор, Колумбияда. Көп бөлүгү Амазонка ойдуңу аркылуу субкеңдик багытта агып (экваторго жакын жерде), Атлантика океанына куярда дүйнөдөгү эң чоң ички дельтаны (100 миң км2ден ашык) пайда кылат. Куймалары көп. Алардын 20сынын ар биринин узундугу 1500 кмден ашуун. Эң чоң куймалары: Журуа, Пурус, Мадейра, Тапажос, Шингу, Токантинс (оң), Иса, Жапура, Риу-Негру (сол). Орточо чыгымы төмөнкү агымында 220 миң м3/секдай, орто эсеп менен жылына 7000 км3 суу агып өтөт (Жершарындагы бардык дарыялардын жалпы агымынын 15%). 1 млрд одай шиленди-агынды алып келет. Деңиз ташкыны дарыя боюнча 1400 кмге чейин жетет. Амазонка куймалары менен бирге жалпы узундугу 25 миң кмге жеткен ички суу жол системасын түзөт. А-да 4300 кмге, башкача айтканда Анд тоолоруна чейин кеме жүрөт. Манауска океан кемелери жетет. Балык кармалат. Амазонка гидроэнергияга бай (280 млн кВт), бирок ал өтө аз пайдаланылат. Негизги порттору: Белен (Пара), Сантарен, Обидус, Манаус (Бразилия), Икитос (Перу).

Колдонулган адабияттарОңдоо