Улакол - Семиз-Бел өрөөнүндө. Ички Тянь-Шанда, Тоң жана Кочкор районунун аймагында. Тескей Ала-Тоонун түндүк тарабында - Тегерек Кырго-Жунай, Кара-Күнгөй, Боке тоолору менен курчалган. Кеңдик багытында 34 кмге созулуп жатат; туурасы 4 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2100-2700 м. Өрөндү курчаган тоолордун анын таманынан салыштырмалуу бийиктиги 600-1200 м. Таманы чыгыштан батыщка карай бийиктейт (орточо бийиктиги 2400 м). Төртүнчүлүк мезгилдин кой таш, чопо, кум шагылдары менен толгон. Курчаган тоо капталдары төмөн палеозойдун гранит, гранит-диорит, диорит интирузия тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Борке, Туура-Суу, Улакол суулары агып өтөт. Климаты кургак кескин континеттик. Январдын орточо температурасы -5С, уюлдуку 18С. Жылдык жаан чачыны 200 мм. Негизинен чөл жарым чөл жана кургак талаа ланшафты; талаа ланшафтары өрөөндүк түштүк капталында кездешет. Жайыт.