Улуттар аралык конфликттер

Улуттар аралык конфликттер - карама-каршы таламдары бар топтор, этностук белгиси боюнча айырмаланган топтор аралык конфликттердин формаларынын бири.

Улуттар аралык конфликттер саясий-этностук араздашуулар, массалык баш аламандык, сепаратисттик чыгуулар ж.б. менен мүнөздөлөт. Анын көрүнүшү турмуштагы жөнөкөй улутчулдуктун көмүскө формаларынан тартып граждандык согушка өсүп жетүүчү куралдуу кагылышка чейинки көп түрдүү формаларда болот.

Улуттар аралык конфликттердин чыгышынын негизги себептери тигил же бул улуттун же этностук топтун укугунун бузулушу, чет-жакалардагы этностук топтордун социалдык маселелерде кур калуусу жана кеминтилүүсү, бир кылка өнүкпөй калуу, жаңы технологиядан артта калуу, жаңыланбоо ж.б. болуп саналат. Мындай шарттарда түрдүү этностук топтордун ортосундагы экономикалык теңсиздик этностук-улуттук кемсинтүү катары кабыл алынат жана этностук тилектештиктин калыптануусунун себеби болуп калат.

Диний пикир келишпестиктер менен фанатизмди, диний экстремизмди күчөткөн улуттар аралык конфликт коом үчүн өзгөчө коркунучтуу. Азыркы мезгилде улуттар аралык конфликттер глобалдык кубулуш болуп калды, алар көптөгөн региондордо, жер шарынын бардык континенттеринде кездешет, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ар кандай стадиясында турган өлкөлөр да андан четте кала алган жок.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.