Башбаракты ачуу

Экстремизмидеологияда жана саясатта чектен чыккан көз караштарды жана аракеттерди колдоочулук.

Коомдо экстремизмди пайда кылуучу факторлорго төмөнкүлөр кирет:
социалдык, экономикалык кризистер, саясий структуранын бузулушу, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо деңгээлинин төмөндөшү, бийлик тарабынан оппозициянын жана эркин ойлонуунун куугунтукталышы, улуттук эзүү, өз маселелерин чечүүнү жана максаттарды ишке ашырууну тездетүү үчүн саясий партиялардын жана топтордун лидерлеринин амбициялары ж. б. экстремизмдин социалдык базасын түзүүчүлөр:
калктын чектен чыккан көз караштагы катмарлары, улутчулдук жана диндик кыймылдардын өкүлдөрү, интеллигенттердин жана студенттердин үстөмдүк кылган тартипке нааразы болушкан жана кээ бир аскер бөлүктөрү. Экстремизмдин саясий, улутчулдук, диндик жана экологиялык чыгуулары кеңири тараган. Саясий планда экстремизмге демогогия, тартип бузуулар, иш таштоолор, граждандык баш ийбөөчүлүк уюштуруу жолу менен жашап турган коомдук структураларды жана институттарды бузуу жана талкалоо, ушундай жол менен өз максаттарына жетишүү мүнөздүү. Алар, адатта, террордук актыларды, партизандык согушту ж. б. күч колдонуу ыкмаларын пайдаланышат; сүйлөшүүлөр, келишимдер, компромисстерди, көп учурда танышат.

Экстремизм «солчул» жана «оңчул» болуп бөлүнөт. Солчул экстремизм революция, анархизм, солчул радикализм идеаларын жетекчиликке алышат, өзүлөрүн «эл массасынын бактысы» үчүн, «пролетариаттын иши» үчүн чыккан талыкпаган күжүрмөндөр деп жарыялашат. Ал эми оңчул экстремизм болсо, ашынган консервативдик чекте туруп азыркы коомду «тартиптин жоктугу», «чоңдордун үстөмдүгү», «адептин, уяттын кетиши», ж. б. үчүн катуу сынга алышат.

Колдонулган эмгектерОңдоо

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9