Улуттук байлык - өлкөдөгү табигый ресурстардын, өндүрүш каражаттары менен материалдык байлыктардын жыйындысы, өлкөнүн экономикалык потенциалын чагылдыруучу олуттуу көрсөткүч.

Улуттук байлыкка төмөндөгүлөр кирет: финансылык активдер (алтын, валюта, баалуу кагаздар ж. б.) жана финансылык эмес активдер. Бул активдер өз кезегинде өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес болуп бөлүнөт. Өндүрүштүк активдерди өндүрүштүн негизги каражаттары, фондулар, жүгүртүү каражаттары менен ага тийиштүү материалдык запастар ж. б. баалуулуктар, ал эми өндүрүштүк эмес активдерди материалдык (жер, кен ж. б. жаратылыш байлыктары) жана материалдык эмес (патент, автордук укук, лицензия) активдер түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4