Улуу-Кулжа
Улуу-Кулжа — "Манас" эпосундагы топоним. Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн жер тандап:
Мен о жерден көчөмүн.
Бакты-Курай басамын,
Кушмурун тоосун ашамын,
Улуу-Кулжа чатынан,
Кичи-Кулжа башынын
Ортосуна кономун... (Радлов жазып алган вариант, 147), — дейт.
Географиялык реалияда Синьңзяндагы ири шаар жайгашкан өрөөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4