Улуу-Тоо облусу
Улуу-Тоо облусу (каз. Ұлытау облысы, Ūlytau oblysy) — Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү облус. Климаты кескин континенттик жана өтө кургакчыл. Облустун административдик борбору Жезказган шаары.
Улуу-Тоо облусу | |
Өлкө: |
Казакстан |
---|---|
Абалы: |
Облус |
Курамында: |
3 шаар, 2 район |
Акимий борбору: | |
Ири шаарлары: |
Жезказган, Каражал, Сатпаев |
Расмий тили: |
казак тили, орус тили |
Саат алкагы: |
Тарыхы түзөтүү
1973-1997-жылдары Жезказган облусу Казак ССРинин жана Казакстандын курамында болгон, ал 1997-жылдагы административдик реформанын натыйжасында Караганды облусунун курамына кирген.
2022-жылдын 16-мартында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында Казакстан элине кайрылуу жолдоп, анда Караганды облусунун жарымынан Улуу-Тоо облусу түзүлөөрүн билдирген .Аймак Казакстан президентинин жарлыгына ылайык 2022-жылдын 8-июнунан баштап түзүлөт . Улуу-Тоо облусунун курамына Жезказган, Каражал жана Сатпаев шаарлары, Жаңыаркин жана Улуу-Тоо райондору кирет.
Административдик бөлүнүш түзөтүү
Облус 2 райондон жана областтык баш ийүүдөгү 3 шаардан (шаар администрацияларынан) турат:
- Жаңыарка району
- Улуу-Тоо району
- Жезказган шаары
- Каражал шаары
- Сатпаев шаары