Караганды облусу (каз. Қарағанды облысы, Karagandy oblysy) — Казакстандагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11 шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Област Казак Сары-Аркасынын Борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор менен дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Караганды көмүр бассейни), темир, корунд, акиташ, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары жана башка бар. Климаты кескин континенттик. Январдын Орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыялары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил жана башка Иртыш – Караганды каналы (уз. 500 км) курулган. Майда туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң жана күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде жана башка), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыргай жана башка) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку жана башка тоолорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бойлорунда тал, шилби кезигет.

Караганды облусу
каз. Қарағанды облысы
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Караганды облусу картада

Өлкө:

Казакстан

Абалы:

Облус

Киргени:

Борбордук Казакстан

Курамында:

9 облустук баш ийүүдөгү шаар, 9 район

Акимий борбору:

Караганды

Ири шаарлары:

Темиртоо, Жезказган, Сатпаев, Балкаш, Шахтинск

Калкы (2015):

1 378 288 [1]
(7,91 %)

Жыштыгы:

3,1 адам/км²

Улуттук курамы:

казактар 49,75%
орустар 36,98%
украиндер 3,21%
немистер 2,41%
татарлар 2,30%
башкалары 5,35% (2015ж.)[2]

Жер аянты:

428 миң км²
(15,7 %)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Орточо бийиктиги



 1500 м
 500 м

Калкы түзөтүү

Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), ошондой эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын Орточо жыштыгы 1 км2ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарлары: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск.

Булактар түзөтүү

  1. 2015-жылкы 1-январга Казакстан Республикасының облустары, шаарлары жана райондору бойунча калктын саны
  2. 2015-жылдын башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген этностору бойунча саны