Башбаракты ачуу

Калып:Умар

Умар ибну Хаттаб (Абу́ Хафс ’Умар ибну ал-Хатта́б ал-’Адавий ал-Курайши) (араб. عمر ابن الخطاب‎‎; أبو حفص عمر بن الخطاب العدوي القرشي‎‎; 585, Мекке — 3-ноябрь 644, Мадина) – Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жакын досу жана сахабасы, чыгаан коомдук жана саясий ишмер, экинчи Адил халиф. Болжол менен 585-жылы Меккеде төрөлгөн. Атасы Хаттаб ибну Нуфайл болгон, энеси - Хантама.

Өмүр баяныОңдоо

Исламга чейинОңдоо

Анын Исламды кабыл алганга чейинки жашоосу тууралуу кабарлар аз. Белгилүү болгону, ал башында малчы болгон, кийин соода менен алекетенген. Акырындап Меккедеги таасирлүү адамдардан боло баштаган. Аны уруулар аралык ар кайсы чатактарды чечүү үчүн көп чакырып турушкан.
Умар катаал мүнөздүү болгон жана башында мусулмандарга карата болгон мамиледе келишпес позицияны ээлеген. Иш ушуга чейин барган, ал Мухаммед пайгамбарды     элди ата-бабасынын бутпарастык ишенимдеринен баш тартуусуна чакыргандыгы үчүн өлтүрүүнү чечкен. Бирок, ага бара жаткан жеринен ал Нуайм ибну Абдулланы жолуктуруп, андан өзүнүн карындашы менен күйөбаласы да Исламды кабыл алгандыгы тууралуу кабар угат. Муну укканда Умар ого бетер каарданып, үйүнө жөнөгөн. Андан карындашы менен күйөбаласынын Куран окуп жатышкандыгын байкайт. Ачуусу менен күйөбаласын уруп баштайт, алтургай карындашына да колу тийет, бирок анан кайра жумшарып, Курандын аяттарына кызыгы туулат. Китептин кагаздарындагы маани-мазмун менен таанышкандан соң, ал ынаным көрсөтүп, Исламды кабыл алган. Ошондон кийин Умар   Мухаммед пайгамбарга    , мусулмандар чогулуп олтурган Аркамдын үйүнө жөнөдү жана алардын алдында ишенимине күбөлүк келтирди. Бул окуя Мухаммеддин     пайгамбарлык ишмердигинин башталышынан алты жыл өткөндө болгон.

Алгачкы мусулмандардын катарындаОңдоо

Умар   чечкиндүү, өжөр жана тайманбас адам болгон. Исламды кабыл алары менен ал өзүнүн диндештери менен, бутпарастардын каршылыгына карабастан, күч менен Каабага өтөт, анан андан мусулмандар алгач ирет жамаат менен намаз окушкан. Ал ишенимин жашыруудан баш тарткан. Умардын   Исламды кабыл кылышы, жана анын Исламдын позицияларын Меккеде орнотуу ишиндеги чечкиндүүлүгү мусулмандардын көңүл-көөнүнө абдан жаккан. Өзү   болсо, ушундан тарта пайгамбардын     жанында болуп, анын коопсуздугуна кам көрө баштаган.
Умар   Меккедеги мусулмандарга карата болгон катаал куугунтуктардын учурунда да өзүнүн тайманбастыгы жана кайраттуулугу менен айырмаланган. Качан Мухаммед пайгамбар     мусулмандарды Мадинага көчүүгө буюрганда, көбүнчөсү шаардан жашыруун көчүп чыгышкан эле. Бирок Умар   мында да жашырынуудан баш тартып, душмандарынын эч бирисинен коркпостон, хижраны (көчүүнү) элдин көзүнчө жасаган.

Мадинадагы жашооОңдоо

Мухаммед пайгамбардын     жашоосунун мадиналык мезгили бою Умар   жаш мусулман мамлекетинин бардык маанилүү иштерине катышкан. Ал Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы, Хайбардагы жана башка салгылаштарга катышып, тобокелдиктин жана баатырдыктын укмуштуу үлгүлөрүн көрсөткөн. Мунун натыйжасында ал мусулман мамлекетинин эмгеги сиңген лидерлеринин бири болуп чыккан.

Мухаммед пайгамбардын     өлүмүнөн кийин Умар   Халифаттын кийинки тарыхында чоң роль ойногон. Анын чечкиндүүлүгүнүн аркасынан Бану Саиддин сакифиндеги чогулушта Абубакр   халиф болуп шайланган. Анын башкаруу мезгилинде Умар   анын башкы жардамчысы болгон. Өлүмү алдында Абубакр   Халифатты Умарга   тапшырган. Ошентип, 13/634-жылы Умар   экинчи Адил халиф болгон. Бардык мусулмандар аны бир ооздон колдоп кетишкен.

Умар — экинчи халифОңдоо

 
Адил халифтердин тушундагы араб ээлөөлөрү. I — Мухаммед (с.а.в.) өлөөрүндөгү Ислам бийлигинин башкаруусундагы аймактар; II — Абубакрдын (р.а.) тушундагы каратуулар; III — Умар (р.а.) тушундагы каратуулар; IV — Усман (р.а.) тушундагы каратуулар

Халиф болуу менен Умар   Мухаммед пайгамбар     менен биринчи халиф Абубакрдын   иштеринин улантуучусу болгон. Сейрек кездешүүчү сапаттары, таланты, мамлекетти жөндүү башкара билүүсү Халифаттын улуу ийгиликтерине алып келген, Халифаттын аскерлери Византия жана Иран сыяктуу айбаттуу атаандаштарды талкалай алышкан. Халифаттын аскерлери Йармукта, Кадиссияда, Нехавендде укмуштуу жеңиштерге жетишкен. Халифаттын бийлиги Жакынкы Чыгышка, Иранга, Мисирге жана алтургай Түндүк Африканын айрым бөлүктөрүнө чейин жеткен. Бул жеңиштер аркылуу бүт бул региондордун калктары Ислам менен жана мусулмандар менен таанышышкан. Убакыт өтүп, бул элдердин көбүнчөсү Исламды кабыл алышкан. Исламды жайылтууда жана аны дүйнөлүк динге айлантууда Умар   артыкча роль ойноду.

ӨлүмОңдоо

 
Масжид ан-Набавидеги Умардын(р.а.) мүрзө үстүндөгү плита, Мадина

Чынында эле улуу болгон бул адамдын өмүрү чыккынчылыктын (заговор) натыйжасында үзүлгөн, аны болсо, Умардын   жасаган Ирандын Халифаттын армиясынан толук талкаланып калышындай чечкиндүү саясаты үчүн өч алуу максатында персиялык кул Фируз (Абу Лулу) 23/644-жылы Зулхижа айында ишке ашырган. Фируз багымдат намазында имамдыкта турган халифке капысынан кол салып, ага бычак менен алты оор жаракат келтирген.
Оор жараланган Умар   өлүмдү эркекче кабыл алган, бирок мунун алдында ал Мухаммед пайгамбардын     алты таанымал сахабасынан: Усман ибну Аффан, Али ибну Абуталиб, Талха ибну Убайдулла, Зубайр ибну ал-Аввам, Абд ар-Рахман ибну Ауф жана Саад ибну Абуваккастардан   турган Кеңешмени уюштурууга буйрук берүүгө жетишкен эле. Аларга үч күндүн ичинде бир ынтымакка келишип, өздөрүнүн арасынан бирөөсүн жаңы халиф кылып тандоолору буюурулат. Натыйжада, үчүнчү Адил халиф Усман ибну Аффан   болгон.

ИлимдеОңдоо

Өзүнүн жакшы (изги) сапаттары, кайраттуулугу, тайманбастыгы, адилеттүүлүгү, саясий ишмердик жана аскербашчылык талантынан сырткары Умар   исламий илимдердин чоң билгичи да болгон. Ал   Куранды чечмелөөчү, хадис жана фыкыхтын (мусулмандык укуктун) билгичи болгон. Бул илимдердин бардыгын ал пайгамбардын     өзүнөн түздөн-түз үйрөнгөн.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

ШилтемелерОңдоо