Университеттердин дүйнөлүк QS рейтинги

Университеттердин дүйнөлүк QS рейтинги (англ. QS World University Rankings) - Quacquarelli Symonds компаниянын университеттер ретингинин жылдык жарыялоосу. Университеттердин дүйнөлүк QS рейтинги мурун Times Higher Education катары таанымал болчу, ал жеке ишин баштоодон мурун, Times Higher Education журналы менен биргелешип, 2004-2009-жылдар арасы эл аралык тизмектерин чыгарган. Андан кийин, QS эски методология боюнча иштегенди улантып, Times Higher Education жаңы методологиясын кабыл алган. Учурда QS системи дүйнөлүк жана дисциплиналык рейтингтерди (беш курамдык факультеттер жана 46 ар кайсы дисциплиналар боюнча эң мыкты дүйнөлүк университеттерин атоо) жана беш көз карандысыз аймактык тизмектерди (Азия, Латын Америка, Европа (өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү) жана Борбордук Азия, Араб аймагы жана БОИКТ өлкөлөрү) камтыйт. QS рейтинги Эл аралык рейтингтин серипчилер тобу тарабынан макул табылган жалгыз рейтинг жана Дүйнөлүк университеттердин академиялык рейтинги (англ. Academic Ranking of World Universities) менен Times Higher Education рейтингтердин катарына кирип, эң көп окулган Дүйнөлүк университеттердин рейтинги болуп саналат. Кандай болбосо дагы субъективдик көрсөтүүлөргө негизсиз критерийлерди алдына чыгаруусу жана өтө туруксуз натыжалары сынга алынат.

Методологиясы түзөтүү

Университеттердин дүйнөлүк QS рейтингинин методологиясы[1]
Көрсөткүчтөр Коэффициенттер Иштетүүсү
Академиялык эксперттик сереп
  • 40%
Дүйнөлүк ички илимий изилдөөнүн негизинде
Факультет/Окуучулардын коэффициенти
  • 20%
Окутуучулардын милдеттенмелеринин көрсөткүчү
Ар бир факультетке берилген академиялык шилтемелер
  • 20%
Изилдөөлөрдүн натыйжаларынын көрсөткүчү
Жумуш берүүчү репутациясы
  • 10%
Бүтүрүүчүлөрдүн сурамжылоосу боюнча
Эл аралык окуучулардын пропорциясы
  • 5%
Окуучулар коомчулугунун ар түрдүүлүгүнүн көрсөткүчү
л аралык окутуучулардын пропорциясы
  • 5%
Окутуучулардын ар түрдүүлүгүнүн көрсөткүчү

Шилтемелер түзөтүү

  1. QS World University Rankings: Methodology. QS (Quacquarelli Symonds) (2014). Текшерилген күнү 29 Апрель 2015.