Башбаракты ачуу

Унитардык мамлекет (фр. unitaire - биримдик) мамлекеттик, улуттук-мамлекеттик түзүлүштүн формасы.

Төмөнкү негизги белгилер менен мүнөздөлөт:

  • 1. администрациялык -аймактык биримдиктери (кээ бирлерине бийликтин борбордук органдары автономдук мамлекеттик түзүлүштүн өзгөчө статусун бергендигине карабай) саясий өз алдынчалыкка ээ эмес, бирдиктүү аймак;
  • 2. өлкөнүн бардык аймагында кандайдыр-бир чектөөлөрсүз аракет кылган бирдиктүү конституция жана мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын - парламент, мамлекет башчысы, өкмөтү, өлкөнүн бардык аймагында юрисдикциясы тараган - соттук органдардын бирдиктүү системасы;
  • 3. Бирдиктүү соттук система жана укук системасы, бирдиктүү граждандуулук (администрациялык-аймактык бирдиктер өзүнүн граждандуулугуна ээ эмес). Унитардуулук бардык мамлекеттик аппараттын борборлоштурулушун, администрациялык-аймактык бирдиктердин муниципалдык органдарын түз жана кыйыр көзөмөлдөөнү болжолдойт.

Централизм түрдүү даражада жана түрдүү формаларда өзүн көрсөтөт. Кээде борбордук бийлик тарабынан администрациялык-аймактык бирдиктерди башкаруу үчүн шайлануучу муниципалдык органдардын ордуна өзүлөрүнүн өкүлдөрүн дайындоого чейин барат. Унитардык мамлекетте администрациялык-аймактык бирдиктерди башкаруунун жергиликтүү органдары бийликтин борбордук органдарынын нормативдик актылары менен жетектелишет. Алардын норма жаратуу ишмердиги борбордук бийликке баш ийүү мүнөзүнө ээ. Жергиликтүү соттук органдар бирдиктүү борборлоштурулган соттук системанын тизмеги болуп саналат. Азыркы мезгилдеги мамлекеттердин көпчүлүгү - унитардык мамлекеттер.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6