Уралиев Турсуналы (1934-ж. т., Ак-Суу району, Кара-Жал айылы) — артист, режиссёр-коюучу. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), маданиятка эмгек сиңирген ишмер (1968).
Эмгек жолун Ташкен шаарындагы киностудияда режиссёрдун ассистенти болуп иштөө менен баштаган.
1954-ж. Ташкен кинотехникумунан окуган, Ташкендеги А. Островский атындагы театр өнөрү институтунун режиссёрлук факультетин бүткөн. 1954-жылдан кайрадан Ташкен киностудиясында актёр.
1958-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясында башкы режиссёр.
Ал режиссёр-коюучу катары драма театрда койгон спектаклдери: «Курорттогу окуя» (М.Алыбаев), «Эки дос» (Р.Шүкүрбеков), «Жүрөк сырлары», «Жаңы жерде» (Б. Рахманов) жана башка.
Таланттуу артист катары кинодо да ар кыл жанрдагы ролдорду ойногон. Желдет, Бекболот («Тахир менен Зухра», «Арал балыкчылары», режиссер Ю. Акзамов), Дербиш («Абу-Али-Ибн-Сина» К. Ярматов), Сабыр («Салтанат», А. Промин), Ороз («Ыйык-Кан», Л. Файзиев), Басмачы («Алыскы тоолордо»), Калык («Токтогул»), Эсен («Тянь-Шань кызы») жана башка.
Уралиев актёрдук, режиссёрлук, обончулук, журналисттик, уюштуруучулук ишмердүүлүгү менен айырмаланат. Анын чыгармачылык бийиктиги улуттук телерадиокомпаниясынын өсүп-өнүгүшү менен тыгыз байланышта. Ал телерадиодо иштеген узак убакыт ичинде көптөгөн программаларды түздү жана ачты: «Кутмандуу болсун күнуңөр», «Көркөм окуу жанры», «Ыр канатында», «Театр микрофондо», «Эл шайырлары микрофондо», «Көңүл ыргактары» жана башка. Ал обончу катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.