Урмия (мурдагы Резайе) - Армян тайпак тоосундагы туздуу туюк көл.

Ирандын түндүк-батышында. Күрдстан тоолорунун чыгышындагы тектон. ойдуңда, 1275 м бийиктиги жайгашкан. Аянты 5,8 миң км2. Терендиги 15 кмге чейин. Жээктери көбүнчө жапыз келип, шор жерлери көп. Негизги куймалары: Зеррине-Руд, Татаву, Ажи-Чай. Суусунун туздуулугу 80%оден (жазында) 280%оге (күзүндө) чейин. Көлдө 102 арал бар, алар негизинен ээн. Ирилеринде мисте токойлору өсөт. Балык жок. Пеликан жана фламинголор байырлайт. Кеме жүрөт.

Куймаларына суу сактагычтарды куруунун натыйжасында жана кургакчылыктан көлдүн аянты 2 эсеге кичирейип, соолуп калуу коркунучунда турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4