УруубирикмеКөчмөн кыргыз коомчулугундагы XVIII кылымдын ортолорунан XIX кылымдын аягына чейин жашаган, туугандык байланышы анча болбогон, бирок, аймактык түзүлүш болгон бөтөнчө бир көчмөн жамааты, өзүнчө бир административдик-саясий бирдик.

Көчмөн кыргыздарда уруубирикмелер өзалдынча административдик-саясий биридик катары кабыл алынып, ар биринин өзүнө таандык энтамгасы, урааны, кээбирде туусу болуп, улугунда болсо жеке мөөрү жана кырк жигити боло турган. Формалдуу түрдө жана иш жүзүндө бул "кээбир учурларда карликтик грек мамлекетин — полисти — эске салган, өзалдынча жашаган мамлекеттик организм сыяктуу болгон". Б.П. Гуревичдин пикири боюнча, кыргыз уруубирикмелери "турушу менен, мамлекеттик бийликтин бир түрү болгон". Орус изилдөөчүсү П.А. Словцовдун берген аныктамасына караганда, өзүн-өзү башкаруучу кыргыздар "... республикага" окшогон нерсени негиздешкен.

Уруубирикмелер курамына, бийлиги мурасталып туруучу бийлер тарабынан башкарылган көп сандаган уруктар менен урук бөлүкчөлөрүн камтыган. Алардын бири "улук бий" болуп, уруубирикменин башында турган. Уруубирикмеде курама урук катары теги башка, тууганчылык байланышы алыс болгон уруктар дагы жашаган, бирок, негизги деп эсептелген ата уруктардан өйдө боло алуучу эмес. Уруубирикмелердин мисалы катары, саяк, сарыбагыш, бугу, солто ж.б. бирикмелерди келтирүүгө болот. Улук бийлер болсо өздөрүнүн арасынан кеңеш менен шайланып туруучу жана реалдуу бийликке ээ болбосо дагы ролу формалдуу түрдө таанылган «чоң бийге» баш ийип турушкан. Мисалы, Мааматкул бий, Кан Садыр, Атаке бий, Эсенгул бий сыяктуу ж.б. чоң бийлер болгон. 1782-жылкы "Цинь динь Хуаньюй Си-юй тучжи" аттуу кытай булагында; "бул улуктардын (тоу) бардыгы бири-биринен көзкаранды эмес. Жыл сайын алар, жалпы башкарууну колго алган жана ага баары баш ийе турган бир башчыны (чжан) шайлап турушат. (Азыр) Чжан (чоң бий) болгон тоу (улук бий) Маму-кули (Мааматкул)." деп белгиленген. Тарыхта, чоң бийлерди кыргыздар "хан", "бек" ж.б. наамдар менен да аташкандыгы маалым.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Сапаралиев Д.Б. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. — Бишкек: Илим, 1999. — ISBN 5-8355-1019-5