Усубалиев Шаршеналы
Шаршеналы Усубалиев — жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, коомдук ишмер, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери
Шаршеналы Усубалиев | |
Усубали уулу Шаршеналы | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Чүй облусу, Москва району, Мураке айылы |
Өлгөн датасы: |
Шаршеналы Москва районундагы Мураке айылында 1923-жылы 15-баш оона туулган[1]. Буденный атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин өз районунда башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп калган. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1943-жылы Великие Лукинин алдында оор жарадар болуп 1944-жылдын март айында өз колхозуна кайтып келип, 1945-жылга чейин мал чарба фермасынын башчысы болгон.
1944-жылдын февралында Петров райондук комсомол комитетинин 1-катчысы болуп шайланган. 1945–1952-жж. комсомолдун шаардык, район-дук, облустук, республикалык комитеттеринде жетекчи кызматтарда иштеп, КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык курсту бүтүргөн. 1953–1958-жж. Чүй облустук маданият башкармалыгынын начальниги, 1958–1963-жж. «Кыргызфильм» киностудиясынын директору, 1963–1970-жж. жана 1983–1990-жж. Кинофикация Кыргыз мамлекеттик башкармалыгынын башчысы, 1970 – 1971-жж. Москвадагы СССР Мамкиносунун аппаратында, 1971–1977-жж. СССР Мамкиносунун Египеттеги өкүлү, 1990–1993-жж. КРнын Кинематографисттер союзунун башчысы болгон.
М.Усубалиевдин Панфилов дивизиясынын тыңчыларына арналган «След» повестинин мотиви боюнча Горький атындагы киностудия тарабынан «Тайная прогулка» аттуу фильм тартылган.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, 1986-жылы «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам ыйгарылып, Улуу Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордендери, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, 1995-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
Кыргызстан КП БКнын мүчөсү, Кыргыз ССР ЖКнын бир нече чакыры-лышына депутат болуп шайланган.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүү- Панфиловчулар салгылашта. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 100 б.
- Чыйыр: Повесть жана очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 176 б.
- Нил боюндагы жаңырык: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 168 б.
Орус тилинде
түзөтүү- След. – Ф.: Кыргызстан, 1960. – 200 с.
- Киноискусство Киргизии: – Ф., 1961. – 7 с.
- Самое молодое и популярное искусство. – Ф., 1966. – 10 с.
- Эхо на берегах Нила. – Ф.: Адабият, 1990. – 290 с.
Булактар
түзөтүү- ↑ Усубалиев Шаршеналы Усубалиевич. Кто эсть кто.