Усубаматов, Рыспек
Усубаматов Рыспек Нуркалиевич (1943-ж. т., Талас ш.) — инженер-механик, техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1994).
1966-ж. Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы университеттин машина курууну автоматташтыруу факультетин бүтүргөн.
1966—68-ж. Бишкектеги Ленин атындагы заводдо инженер-конструктор.
Рыспек Усубаматов | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Рыспек Усубаматов |
Туулган жылы: | 1943-жыл |
Туулган жери: | Талас шаары, Талас облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | инженер-механик |
1968—72-ж. аспирант, 1972-жылдан Кыргыз техникалык университетинде окутуучу, доцент.
1981—92-ж. «Машина курууну автоматташтыруу жана комплекстүү механикалаштыруу» кафедрасынын башчысы.
1992-1997 ж. Кыргыз техникалык университетинин ректору болуп эмгектенген.
Илимий эмгектери
138 илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография[1], 30 ойлоп табуу[2], 15 окуу-усулдук иштеп чыгуу) автору. Илимий журналдардын Scopus маалымат базасына кирген журналдарда 1999 - 2023 - жылдары 42 илимий макала жарыялаган, Индех Хирше 6 (Scopus, 2023) [3]. Медалдар менен сыйланган.
Адабият
түзөтүү- Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.