Уулуу өсүмдүктөрдөн уулануу

Уулуу өсүмдүктөрдөн уулануу. Уулуу өсүмдүктөр менен уулануу көбүнчө жаз, жай же күз айларында кезигет.

Себеби түзөтүү

Себеби тааныш эмес өсүмдүктү татымал катары колдонгондо, балдар уулуу мөмөнү жеп алып ууланышы мүмкүн. Ошондой эле өзүн өзү дарылоо үчүн кээ бир уулуу өсүмдүктү пайдалануу да катуу ууланууга алып келет. Мындай уулануунун негизги белгиси — ичеги-карын ишинин бузулушу. Ошондуктан жай, күз айларында көп кезигүүчү инфекциялуу оорудан мындай ууланууну ажыратып, дарылоо зарыл. Уулуу өсүмдүктөрдүн уулуу заты алкалоиддер, гликозиддер классынын өкүлдөрү, ошондой эле кээ бир эфир майы жана органикалык кислоталар (синиль жана козу кулак кислотасы) болуп эсептелет. Өсүмдүк уусу менен уулануунун белгилери анын кайсы органды жана системаны жабыркатканына жараша болот. Алар айрым орган же системага таасир этет. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн уусу нерв системасын жабыркатат. Өсүмдүк уусу борбордук нерв системасын козгойт, кээде тескерисинче анын ишин басаңдатып, шал кылат.

Жүрүшү түзөтүү

Биринчи учурда кыймыл бузулат, кол жана бут тырышат, акыл-эс начарлайт, териси кычышат, көзүнө майда курт-кумурска көрүнөт, карек чоңоёт, териси кургап, ысыйт, жутуу кыйындайт, тамыр тез кагат, тез-тез дем алат. Мындай белгилер атропа, меңдубана, чочко жаңгак, уу балтыркан, уу коргошун жана башкалар менен ууланганда байкалат. Экинчи учурда териси эч нерсе сезбейт, уйку басат, көңүлү пас болуп, эркин кыймыл бузулат жана эсин жоготот. Мында тамырдын кагышы жана дем алуу начарлайт, эт муздап, тердейт. Бул белгилер апийим, кырк муун, темгилдүү сасык балтыркан жана башкалар менен ууланууда байкалат. Уу өсүмдүктөр тамак сиңирүү системасынын былжыр челине таасир этет, ич катуу ооруп, жүрөгү айланат, кусат, ич өтөт. Кээ бир өсүмдүктүн гликозиддери жүрөк ишин бузат. Буларга оймок гүл, мончок гүл, адонис, олеандра кирет. Бул өсүмдүктөрдүн ачытмасы дары каражат, ал эми чоң дозасы ууландырат. Кээ бир өсүмдүк уусу боорго таасир этет.

Чаралар түзөтүү

Кандай өсүмдүк уусу менен ууланса да, тезинен врач чакырып же жакын ооруканага жеткирүү керек. Ага чейин 1 — 2 стакан туздуу (1стаканга 1—2 чай кашык туз) суу ичирип, 5—6 жолу кустуруп, андан кийин 80—100 г кургатылган кара нан же 3—4 таблетка активдештирилген көмүр берилет. Ич алдырма каражат (күкүрт кычкыл натрий же күкүрт кычкыл магнезийдин 30—50 г 1 — 2 стакан сууга эритип) берилет. Оорулуунун тынчы кетип турса төшөккө (эгерде эсин жоготсо башын ылдый каратып) жаткырып, дем алуусу жана жүрөк иши токтоп калса жасалма д.ем алдыруу жана жүрөк массажын жасоо керек.

Алдын алуу түзөтүү

Өсүмдүк уусу менен катуу ууланууну алдын алуу үчүн тааныш эмес өсүмдүк же козу карынды, туура эмес сакталган же талаада кыштаган өсүмдүктөрдү (картошка, дан өсүмдүктөрү, кара күрүч, буурчак жана башкалар) тамакка колдонбоо, үйдө даярдалган өсүмдүк ачытмасын врачтын кеңешисиз ичпөө, даяр ачытманын дозасын врачтын көрсөтмөсүнөн ашырбоо керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8