Уул балага карата тыюулар

Уул балага карата тыюулар/Айрым тыюулардын тикеден – тике уул балдарга же кыздарга тиешелүү экендигин унутууга болбойт. Маселен, эркек бала жүккө отурбайт, келинчеги сепсиз келет деп коюшат. Ал эми жаздыкка отурса артына сыздоок чыгат деп айтышат. Баланы боюңду карыштаба, боюң өспөй калат деп эскертишет.

Жоокерчилик замандарда “Балаңын акылы жок болсо да, бою узун болсун” деген сөз чыккан. Чыйратып жаткан аркандын алдынан өтпөйт, бою өспөй кыска болуп калат деген тыюу ошол замандарда пайда болушу мүмкүн. Андай ишеним бирөөнүн бутун тебелеген балага да тиешелүү. Найза сунуп, кылыч чапкан согушта узун бойдун артыкчылыгы бардыгына шек жок. Анткен менен “ Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин” деп, адамдын акылы, өнөрү жогору коюлган.

Бою өтө эле узарып кеткен өспүрүмдү нан жапкан жеңче менен үч жолу башына чаап, ырымдап койгон. Эркек баланын кашына осмо койбойт, багы көгөрбөй калат деп тыят. Элдик ишеним боюнча, уул балага осмо койсо, кийин ал түрмөгө түшөт имиш же дагы бир жаман иштерге туш болот экен. Эгер кыздар жаш баланын кашына ойноп жатып осмо коюп коюшса, ал баланын башын үч жолу тандырга тыгып ырымдап кайтарат. Балага тыюу салган ырымдардын бири – бул тагасына кол тийгизбөө. Тагасын ургандын колу калтырап калат деген ишеним бар. Элде жигиттин үч журту – ата журту, тага журту, кайын журту болот деп айтылат.

Жогорудагы ишеним эненин төркүндөрүнө - тага журтка болгон сыйды, урматты билдирип турат. Эненин төркүндөрүн сыйлоо – бул энени сыйлоо дегендик эмеспи. Мындай сыйдын жообу – бул тага журттун жээнге карата болгон мамилеси. Кыздын балдарын анын төркүндөрү өзгөчө кадырлашкан. Жээн жерде отурбайт, антсе тагасы кембагал болуп калат дешкен. Тага журтунан жээни каалаган нерсесин сурап алууга укуктуу болгон. Ошол себептүү “Жээн келгенче жети бөрү келсин” деген сөз чыккан.

Адабият түзөтүү

А.Мурзакметов “Кыргыз ырым жырымдары” \-Ош-2005 \- ISBN 9967-08-112-0

Интернеттик шилтемелер түзөтүү