Ушаң "Манас" эпосунун кейипкери. Калмак баатыры. Көкөтөй керээзинде "Мен өлсөм Ушаңга кабар бербесин", — деп эскерет (Сагымбай Орозбаков, 3. 21). Бирок, Бокмурун Көкөтөйдүн ашына калмак дөөлөрү У. менен Жолойду да чакыртат. У. эки миң кол менен ашка келип түшөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 95 — 96, 105). Ашта Мааникерди күч менен зордуктап алам деген Коңурбай өзү тартуу берүүгө аргасыз болот. Ошондо У. баш болгон калмак баатырлары Алгаранын иниси, Кылкараны тартуу кылып Манастын ачуусун басат (Сагымбай Орозбаков, 3. 143). Аштагы ат чабышта, У. баш болгон калмактардын бир тобу "Ашына азап кылалык, Айтууга мазак кылалык" дешип, чыккан күлүктөрдүн астын кытайлар менен бирдикте тосмок болуп кеңешишет. У-дын айтканына болбой Жолой дөө: "менин тууганым кытай, Коңурбай эмне десе, ошону кылам" деп Кошой дөөдөн жыгылган кордугун эстеп намыстанат, Манас менен сайышып ыза болгон Коңурбай да У-дын сөзүн укпай коёт (Сагымбай Орозбаков, 3. 260 — 262). Ошентип, У-дын тилин албай ашта чатак чыгарышып, байгени талап алышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 270—271). У. Чоң казат маалында кытай, калмак кандарынын катарында активдүү аракет кылат.

Алгачкы айкашта Коңурбай Алмамбет, Сыргак тийип кеткен жылкыны кайырмак болуп жөнөгөндө, У. ага абайла жылкынын ичинде жоо болбосун дейт. Коңурбай анын тилин албай жылкынын чаңына жашынып турган Алмамбеттен найза жеп кайра качканда У. аны табалайт. Ушул эле эпизоддо:

Аны таштап салыңар

Ушаң менен Бороончу

Бакырыгы баш жарып

Айгай үнү таш жарып

Кыйгыл-кычкыл үндөрү

Алмамбетке бет алып

Ат коюшуп жүргөнү,

Андай жоону көргөндө

Алмамбет баатыр сүрдөдү.

Сүрдөбөсө неткени,

Аяттын Кара-Суусуна

Алакең качып жеткени (Сагымбай Орозбаков, 4. 303), — деп У. кытай-калмактардын кыйын баатырларынын бири катары сүрөттөлөт. Дагы бир кармашта Чубакты капыстан капталынан качырып келип аттан кулата саят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4