Фаза контрастуу микроскоп

Фаза контрастуу микроскоп - жарык менен тирүү боёлбогон объектини контрастуу чагылдырып көрсөтөт. Бул микроскоптун түзүлүш шарттары голл. физик Цернике тарабынан көрсөтүлгөн. Фаза контраст жарык же квант толкундуу чагылууга негизделген. Ар бир толкун өзүнүн жарык векторуна же амплитудага ээ. Мындан сырткары, толкундуу термелүүлөр ар бир учурга белгилуу бир абалда, башкача айтканда термелүү фазалары менен мүнөздөлөт. Ф. к. м. методу менен изилдөө жүргүзүү үчүн: 1-жарык берүүчү; 2-чоң эмес чоңойтуп көрсөтүүчө жардамчы микроскоп; 3-фазалуу конденсор револьвери жана өзүнчө объектив үчүн диафрагмалар ; 4-Ph деген белгиси бар фазалуу шакекче менен жабдылган объективдер; 5-жарык фильтрлери (жашыл). Ф. к. м. күчтүү жарык берилгенде гана канааттандыраарлык жыйынтык берет.

Фаза контрастуу микроскоп.

Колдонулган адабияттар түзөтүү