Файоль Анри (18611925) — француз too инженери, тоо-кенин өндүрүүчү жана металлургиялык ири компаниялардын 30 жыл бою баш директору болуп иштеген.

Файоль өзүнүн ишканаларды башкаруу тажрыйбасын 1916-ж. чыккан «Жалпы жана онор жайлык башкаруу» аттуу китебинде жалпылап, корутундулап көрсөткөн.

Башкаруу Файольдун ой толгоосу, көп жылдык тажрыйбасына ылайык төмөндөгүнү билдирет:
1) алдын-ала көрө билүү - келечекти изилдеп үйрөнуү жана иш-аракеттердин программасын тактап белгилөө;
2) уюштуруу - ишкананын кош организмин куруу: материалдык жана социалдык жактарын түзүү;
3) башкаруу, тескөө - ишкананын персоналын иш-аракетке келтирүү;
4) макулдашуу - бардык иш-аракеттерди жана күч-кубатты байланыштыруу жана бириктирүү;
5) көзөмөлдүккө алуу - бардыгынын аныкталып белгиленген эрежелерге жана берилген тапшырмаларга маш келип ишке ашырылышына байкоо жүргүзүү. Бул жоболор, башкалары менен бирге алганда түрдүү ишканаларга туура келет. Бул классификация; ушул күнгө чейин башкаруу илиминин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8