Фармакологиядарыларды жана алардын организмге тийгизген таасирин изилдөөчү, жаңы дары каражаттарын издеп табуучу илим.
Фармакологияда дары каражаттарынын организмге тийгизген таасирин изилдөө негизинен жаныбарларга жүргүзүлөт. Анда физиологиялык, биохимиялык, гистологиялык жана башкалар методдор пайдаланылат. Фармакология фармацевтикалык химия (дарылардын химиялык түзүлүшү жана химиялык касиеттери жөнүндөгү илим), фармакогнозия (өсүмдүк жана жаныбардан алынган дары сырьёлору жөнүндөгү илим), токсикология (уулардын организмге тийгизген таасири жөнүндөгү илим) менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Азыркы фармакологиянын фармакодинамика — дарылардын организмге тийгизген таасирин изилдөөчү; фармакокинетика — дарылардын организмге сиңирилиши, таралышы жөнүндөгү окуу; молекулалык фармакология — дарылардын таасиринен биохимиялык механизмин изилдөөчү; клиникалык фармакология — дарыларды клиникада колдонуу менен изилдеп, баа берүүчү багыттары бар.
Фармацевт — дары-дармек боюнча жогорку же орто билимдүү адис. Ал аптекада, химиялык - фармацевттик заводдордо дары даярдоо боюнча иштейт. Кыргызстанда фармацевттер медициналык институттардын фармацевттик факультетинде даярдалат.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8