Фахраддин Гурганиперс акыны, XI-кылымда Иран жергесинин Борбордук Бакхш аймагында жашап өткөн өзүнөн кийин бир гана «Вис менен Рамин» поэмасын калтырып кеткен. Анын поэзиясы жөнүндө башка маалыматтар калган эмес. Поэма XII-к. Грузияда кеңири тараган жана Саргис Тмогвели тарабынан грузин тилине так өзүндөй которулган. Н.Маррдын айтымында бул грузин тилиндеги котормо менен Шота Руставелинин тааныштыгы болгон. Ушул грузин тилиндеги котормосунан поэма убагында англис жана орус тилдерине которулган. «Вис менен Рамин» поэмасынын биринчи кол жазмасы 1850-ж. Индиянын Калңкутта шаарында табылган. Буга караганда Эмир Хосров Дехлевинин мисалындай эле фарсы тилиндеги орто кылымдык чыгарманын кол жазмасынын Индиядан табылышы маданият менен адабияттын борбордук жана түштүк азиялык интеграциялык мүнөзүнүн өтө ийкемдүүлүгүн дагы бир ирет ырастайт. 1872-ж. Белгилүү даанышман бул поэманын орто кылымдык батыш европалык Тристан менен Изолада жөнүндөгү романдын сюжеттериндеги окшоштуктарына көңүлүн бурат. 1910-ж. Р.Ценкер атайын «Тристан жана перс эпосу Вис менен Рамин жөнүндө» деген эмгегин арнайт. Анын пикири боюнча поэмалардын батыштык да, чыгыштык да версиялары шарттуу түрдө «Байыркы Тристан» деген башаттан турат. Хаджи Халифанын библиографиялык маалыматнаамасы боюнча Гургани селжукид Тогрул-бек шахтын сарайында кызмат өтөгөн.

“Вис менен Рамин” түзөтүү

«Вис менен Рамин» поэмасынын баш ченинде Гургани селжуктардын өкүмдары Тогрул-бек шахты Исфахандан (1042) жүрүшкө чыкканда коштоп чыкпагандыгын айтат. Мында Гургани Исфахандын башчысы Амид ад-Дин Абул-Фатхтын кабыл алуусунда болот. Гурганинин баяндоосу боюнча Абул-Фатх бул поэма жөнүндө өзүнүн төмөнкүдөй оюн айтат:

  • Мен мындан артык уламышты көргөнүм жок,
  • Ал көңүл-шат гүлбактан башка эч нерсеге окшобойт.
  • Бирок бир гана жери анын тили – пехлеви,
  • Аны окуган ар ким эле түшүнө бербейт.
  • Ар ким эле бу тилди окуй бербейт,
  • Окуса да маанисин түшүнө бербейт…
  • Эми Вис менен Рамин уламышын
  • Мурунку сөз устаздары жаратышты.
  • Алар фарсынын даңазасын көрсөтүштү,
  • Анткени алар фарсынын устаздарынан болушкан.
  • Алар ушундай бир уламышты жаратышты,
  • Мында бар бүт тилдердин түшүнүксүз сөздөрү... [1:267].
  • Сөзүнүн акырында Исфахандын өкүмдары Гурганиге:
  • Мурунку сөздөр колдонуудан чыгып калды,
  • Доорлор алмашуусунан жоголууга дуушар болду, -

деп поэманы азыркы фарсы тилинде гана жаз деп көрсөтмө берет. Гурганин бул поэмасында убагында Низами Гянжеви да «Хосров менен Ширин» поэмасын жазууда анын кээ бир көрүнүштөрүн пайдаланган деп айтылып келет. Гурганинин «Вис менен Рамин» поэмасында Мерв шаарында Мубад аттуу күч-кубаттту шах бийлик жүргүзөт. Бир жолу чоң оюн-зоок уюштуруп, ага Азербайжан, Рей, Гурган, Хорасан, Кухистан, Шираз, Исфахан жана Дихистандан сулууларды чакыртат. Алардын эң мыктысы болуп Шахрбана айым таанылат. Шахиншах анын колун сурайт. Бирок Шахрбана мен сага кантип чыкмак элем? Менин Виру өңдүү көп уулдарым бар. Жашы да бир топко барып калганын айтат. Анда качан кыздуу болгонуңда кызыңы мага бересиң деп макулдашышат… Шахрбанадан Вис аттуу кыз туулат. Аны Хузандагы көптү көргөн бакма аялга беришет. Ал бир эле учурда Мубаддын иниси Раминди да тарбиялай баштайт. Эки бала тең чоңоет. Раминди Мубад, Висти Шахрбана өздөрүнө алып кетишет. Шахрбана кызын өзүнүн уулу Вируга берүүнү чечет. Бирок, Мубаддан шерт боюнча Висти мага беришиң керек деген кат келет. Энеси да, Вис да ага каршы чыгат. Мервдик каада-салт боюнча кыз өзүнө күйөөнү өзү гана тандашы керек. Мубад Мервди карай чабуул жасап, Вистин атасы шах Каран урушта каза табат. Бирок көп күчүнөн ажыраган Мубад Исфаханга чегинет. Мубад Зарддын кеңеши менен Вируну өзүнө сипахсалар (саркер), ал эми Шахрбананы Кухистандын эң башкы айымы даражасын беремин деген убада менен көп белек жөнөтөт. Буга азгырылган энеси кызын Мубад менен кошо Мервге узатат. Жолдо Баратып Раминдин Виске көзү түшүп аны жактырып калат. Мубад Мервге келип чоң той өткөрөт. Ошентип аларга кайрадан бакма энеси келет. Ал анын ортомчусунун милдетин аткарып калат. Акыры Раминдин кайра-кайра табыштоосу менен Вис экөөнү тааныштырат. Шах Мубад Гурган, Рей, Саве жана Кухистанга саякаттап чыгып кетет. Бул экөө Вистин багында сыр чечишет. Вис ага ишенбестигин айтканда, Рамин төмөнкүдөй антын берет:

  • Алгач изги Рамин берди антын
  • Дүйнөнүн өкүмдары кудай менен,
  • Нурлуу ай жана жарык күн менен,
  • Берекелүү Муштари, таптаза Нахид менен,
  • Нан, туз, кудайга ишеними менен,
  • Жанган от, акыл-эстүү руху менен [1:275].

Бирок бул экөөнүн жолугушуусу билинип, шах Мубад, агасы Виру да Висти аны менен жолугушууга баргандыгы тууралуу айыпташат:

  • Еврейлер анын достору, табакташы,
  • Шарап үчүн алар дайым акча алышат.

Бирок Вис эми Раминден калбай калган эле. Мубад Виске эркиндик берет. Ал энеси менен туруп калат. Бирок Раминге Виске жакын жолобойсуң деп катуу эскертет. Ага макул болгон Рамин көп өтпөй эле сөзүнө турбай Виске жолугат. Вистин айынан Мубад менен Вирунун ортосунда уруш чыгып кете жаздайт. Виру Висти кайрадан Мубадга Мервге жөнөтөт. Шах Висти сынамакка алоолонгон оттун үстүнөн секирип өтөсүң деп буюрат. Андан корккон Вис Рамин менен эптеп качып чыгышат. Качкындар Рейдеги Раминдин досу Бихруз-и Ширунун короосунда туруп калышат. Мубад бийлигин Зардга өткөрүп берип өзү Висти издеп чыгат. Бирок талаада жүрүп өлүп өлүмгө дуушар болуудан чочуп Мервге кайра келет. Мубад менен Раминдин энесинин өтүнүчү менен Вис Мубадга кайра келет. Ошентип бир жолу Мубад Вис менен жалгыз калган убакта, Висти Рамин болбосо бир күн да энесинин үйүндө калмак эмес деген кытмыр кебин айтат. Ага ачууланган Вис төмөнкүдөй жообун узатат:

  • Тозокту мупмуздак дегенге көп ишенбе,
  • А Ахриманды жарамсыз бузуку деп.
  • Ууру болуп уурулугу чын болсо да,
  • Айыпталган жалаалары көп болсо да [1:277].

Румдун кайсары Мубадга согуш менен чыгып, шах өзү менен Раминди ала кетет. Висти бекем чепке бекитип, ага Зарды күзөткө коюп кетет. Бирок Рамин өзүн амал менен ооруга чыгартып, Виске жетип келип экөө тогуз ай чогуу туруп калышат. Мубад кайсардын колун жеңип, Армения менен Арранды багындырып Мервге кайтып келет. Бул экөөнүн кылык-жоруктарынан кабардар болгон шах Висти катуу жазалайт. Бирок экөөнө тең кечирим берет. Шах Раминди анын өтүнүчү боюнча Рей, Гурган жана Кухистанга башчы кылып жөнөтөт. Рамин Вис менен коштошот. Коштошуу эпизодун акын төмөнкүчө эки сап менен түшүндүргүсү келет:

  • Аба алардын таза үшкүрүгүнөн тозокко айланды,
  • Жер алардын көз жашынан толкуган көлгө айланды [1:281].

Рамин жаңы ээлигинде тартип орноткон соң, Гурабга барат. Бул жерден гүл деген айчырайлуу кызга ашык болуп калып ага үйлөнөт. Чоң той берилет, оюн-зоок, човган ойнолот. Рамин Виске үйлөнүп алганын мактанып жазат. Кат Мубадга тийип, аны Виске көрсөтөт. Вис ичи күйсө да билмексен болуп, ичтен сызат. Артынан Гурабга барган бакма энесин Рамин кууп жиберет. Бирок, бат эле Гүлдөн көңүлү калып ызгаардуу суукта жалгыз өзү Виске кайтып келет. Вис аны кабыл албай койгондуктан, Рамин кайрадан кайтууга аргасыз болот, бирок Вис кылганына өкүнүп кайрадан анын артынан барат. Экөө бири-бирин кечиришип Мубадга шек алдырбай бир айча бир болушат. Бакма энесинин кеңеши боюнча Мабудду өлтүрүп гана түбөлүк бакытка жетүүгө болот. Зард Раминдин колунан каза табат. Мубаддын казынасын төөлөргө жүктөп Вис менен Рамин Дейлемди көздөй сапар тартышат. Мубад алардын артынан кууп жөнөйт. Жолдо баратып өргүүгө токтогон жерден аны кутурган бир чоң каман челип өлтүрөт. Тактыга Рамин келип отурат. Ал Вис менен бирге өлкөнү сексен жети жыл башкарат. Алардан Жамшид жана Хваршид деген эки уул өсүп чоңоет. Вис о дүйнө сапар тарткандан кийин Рамин өзүнүн ордуна Хваршидди тактыга отургузат. Поэмада оң каарман деп атагыдай персонаждар экинчи позицияда гана учурайт. Анын бири Мубад шахтын иниси Зард. Бирок бул каарман да адилдигинен, түздүгүнөн жана ишенчектигинен кыйды-кытмырлардын курмандыгына айланат. «Вис менен Рамин» поэмасы ошол кезде өкүм сүргөн шах сарайынын жана тектүү төрөлөрдүн жашоо образына карапайым калктын протести катары жазылгандай элес калтырат. «Вис менен Рамин» поэмасы «Шах-наме» менен «Гаршасп-наме» өңдүү баатырдык эпостордун эң акыркысы. Доорлор алмашып, саясий аренага саманиддердин ордуна Иран, Хорасан жанан Мавераннахр чөлкөмүнө түрк хандыктарынын келиши менен мындай баатырдык поэмалардын актуалдуулугу кеткен. Гургани 1054-жылы жарык дүйнөдөн кайткан.

Булактар түзөтүү