Федерация (лат. feodereitio - союз, бирикме) -

1) коомдун же уюмдардын союзу; 2)мамлекеттик түзүлүштүн формасы;

Федерациянын мүчөлөрү - мамлекеттин курамына кирген федерациялык бирдиктер (штаттар, провинциялар, кантондор, жерлер, республикалар) - юридикалык жана белгилүү саясий өз алдынчалыкка ээ; салыштырмалуу өз алдынча мамлекеттик биримдиктерден куралган союздук мамлекет. Федеративдик мамлекеттин аймагы Федерациянын мүчөлөрүнүн аймагынан турат да, чек араларды коргоонун бирдиктүү системасы болгону менен, саясий-администрациялык мамиледе бир бүтүндүүлүктү түзбөйт. Федерациянын курамындагы мамлекеттик биримдиктери анын субъектилери болуп саналат. Алар өзүлөрүнөн администрациялык-аймактык бөлүнүүлөрго ээ. Айрым учурларда Федерациянын аймактык бөлүнүүлөрү оз алдынча бирдиктин статусуна, өзгөчө аймакка же борборго баш ийүүчү аймакка ээ болуп, анын субъекттери болуп эсептелбейт.

Федерацияны түзгөн мамлекеттик бирикмелер толук көлөмдөгү эгемендүүлүккө ээ эмес. Федерациянын субъекттеринин, эреже катары, союздан чыгууга укугу жок. Федерациянын субъекттеринин өзүлөрүнүн конституциялары боло алат. Алар союздук Конституциянын негизинде иштелип чыгат; Федерациянын субъекттеринин конституциялары союздук конституцияга ылайык болот. Бул тартип Федерацияга кирген, мурда кабыл алган конституциясы бар мамлекет үчүн да милдеттүү.

Кээ бир Федерация өзүнүн субъектерине өздүк конституцияга ээ болууга укук бербейт. Федерациянын субъекттери федералдык конституция тарабынан орнотулган өздүк компетенттүүлүгүнүн чегинде мыйзам чыгаруучу актыларды кабыл алуу укугуна ээ. Эгер Федерациянын мыйзам чыгаруучу актылары анын бүткүл аймагы үчүн милдеттүү болсо, анда, бул актыпар Федерациянын субъектисинин аймагында гана юридикалык күчкө ээ. Федерациянын субъектилеринин мыйзам чыгаруучу актылары федералдык мыйзам чыгаруучулукка туура келиши керек, карты болгон учурда күчүнө кире албайт. Федерациянын субъектиси өздүк укуктук жана соттук системаларына ээ боло алат. Федеративдик системаларга карата алар кичи системалар болуп калат: субъектилердин укуктук жана соттук органдарынын уюштуруу жана иштөө тартиби жана юрисдикциясынын чети федералдык конституция менен аныкталат. Федерацияда, адатта, кош жарандуулук орун алган: ар бир жаран бир эле мезгилде Федерациянын жана анын субъектисинин жараны болуп саналат. Мыйзам чыгарууда кандайдыр бир жарандуулуктун башкалардын үстүнөн артыкчылыктарынын болушуна мыйзам жол бербеши белгиленет.

Демократиялык мамлекеттердин практикасында Федерациянын субъектисинин жарандуулугу укуктук кесепеттерге алып келбейт. Федералдык парламент, кээ бир учурларды кошпогондо, эки палаталык болот. Төмөнкү палата федералдык (союздук) өкүлчүлүктүн органы болуп, шайлоо округдарынан шайланат, Жогорку палата Федерациянын субъекттерин көрсөтөт жана ар бир субъекттен калкынын санына карабастан бирдей сандагы депутаттарды же калктын санын эсепке алуу менен бирдей эмес сандагы депутаттарды шайлоо жолу менен түзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө жогорку палатанын мүчөлөрү дайындалат. Федерациянын борбору менен анын субъекттеринин ортосундагы компетенцияны чектөө федеративдик мамлекеттин татаал жана карама-каршылык маселеси болуп саналат. Көп учурда Федерациянын конституциясы Федерациянын (союздун) гана компетенциясы болгон ыйгарым укуктардын тизмесин аныктайт. Алар боюнча Федерация гана укуктук актыларды чыгара алат. Калган башка суроолор Федерациянын субъектилеринин компетенттүүлүгүнө кирет.

Дал келүүчү ыйгарым укуктардын, б.а. Федерациянын борбору жана анын субъектилери биргелешип чечкен маселелердин тизмеси да орнотулат.

Федеративдик конституция Федерациянын борборунун жана анын субъектисинин айрым аракеттерине тыюу сала алат. Федерациянын борборунун жана субъектилеринин ыйгарым укуктарынын мамилелеринин башка варианттары да болушу мүмкүн. Федерациянын субъекттеринин бийлик жана башкаруу органдары дайыма федералдык структуралардын көчүрмөсү болот. Федерациянын субъектилеринин аткаруучу бийлигинин алып жүрүүчүсү болуп чоң ыйгарым укуктарга ээ, шайлануучу же дайындалуучу губернаторлор саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8