Владимир Фере

Фере, Владимир Георгиевич‎»‎ барагынан багытталды)

Фере, Владимир Георгиевич (1902, азыркы Волгоград облусунун, Камышин шаары — 1971, Москва) — композитор. Кыргыз ССРинин эл артисти (1944), РСФСРдин жана Тажик ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1970) лауреаты. 1929-жылы Москва консерваториясын композитор катары Н. Я. Мясковскийдин классы жана пианист катары А. Б. Гольденвейзердин классы боюнча бүтүргөн. Андан кийин музыкалык техникумдун окутуучусу, Бүткүл союздук радионун жана музыкалык басманын редактору болуп иштеген. 1933—36-ж. Москва консерваториясында жана композиторлор союзунда иштеген.

1936—44-ж. Кыргыз мамл. филармониянын көркөм жетекчиси, 1945 —62-ж. Москва консерваториясынын композиция кафедрасында окутуучу жана бөлүм башчы. Кыргыздын көрүнүктүү композиторлору, анын ичинде А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Б. Глухов жана башка чыгармачыл инсандарды тарбиялап чыгарган.

Ф. В. Власов жана А. Малдыбаев менен бирдикте "Айчүрөк" (1939), "Манас" (1946, экинчи редакциясы 1966) операларын жазган. Улуу эпостун сюжетинин түйүндүү эпизоддору операнын либреттосуна өзөк кылып алынган. Эпостогу көркөм дүйнөнүн түпкү маңызын даана ачып берүү жана улуттук көркөм дүйнө туюунун стилдик айырмачылыгын жеткиликтүү көрсөтүү максатында композиторлор бул опералардын музыкасына кыргыз элинин обон-ыргактарынан, күү-кайрыктарынан кеңири пайдаланган. Эки Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4