Ферсман үңкүрүОш облусундагы Ноокат районунун аймагында. Төө-Моюн тоосунун белинде, карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринде жайгашкан. Ноокат кыштагынан 8–9 км түндүгүрөөктө.

Ферсман үңкүрү.

Табигый пайда болгон жана атайы казылган үңкүрлөрдөн турат. Табигый үңкүрлөр карст шахталары (тереңдиги 220 м, туурасы 10 мге чейин); анын төрүндө көл бар.

Кийин үңкүрдүн табигый оозу жардырылгандыктан 50 мге жеткен штольня аркылуу сырт менен байланышат. Үңкүр, андагы минералдардын ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Кыргызстандагы терең карст шахталарынын бири. Минералог, спелеологдордун кызыгуусун арттырууда. Илимпоз А. Е. Ферсмандын ысымынан аталган.

Адабият түзөтүү