Фетисов, Алексей Михайлович

Фетисов Алексей Михайлович (1842, Севастополь – 1894, Пишпек) – орус табият таануучусу, багбан, саякатчы. 1870-жылдан Ташкенде жүзүм, жемиш бактарын, кооз бак-дарак өстүрүп, гербарий чогулта баштаган. 1874–78-жылдары Жети-Суу облусунун борбору Верныйда (Алматы) багбанчылык мектептин башчысы болуп иштеген.

1879–81-жылдары Бишкекте Кара жыгач багын негиздеген. 1889–94-жылдары Бишкектеги айыл чарба мектебин башкарып, кыргыз жаштарын жемиш багын, тамеки жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө үйрөткөн. 1870–91-жылдары Теңир-Тоонун географиясын, өсүмдүктөрүн, археологиясын изилдеген. 1893-жылы метрология станциясын уюштурган. Орто кылымдарга таандык Кара-Балта, Бишкек, Шамшы, Жоонарыктагы археологиялык эстеликтерди изилдеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү