Өмүр баяны түзөтүү

1941Туулган жылы М. Фетхуллах Гүлен, 1941-жылы 27-апрельде, Эрзурум облусунун Хасанкале районуна караштуу Коружук айылында төрөлгөн.

1945 Куран Үйрөнүү 4 жашында апасынан Куран окууну үйрөнүп кыска мөөнөттүн ичинде Куранды толук окуп чыкты.

1946 Мектепке баштады

1949 Мектеп күндөрү жана жарым калган орто билим Атасы 1949-жылы Алвар айылына имам болуп жиберилип үй-бүлөсү менен көчүп кеткенине байланыштуу мектепти таштаганга аргасыз болот бирок заочный болуп орто билимин алат.

1951 Куранды толугу менен жаттоо(хафыздык) иштери Атасы Рамиз молдодон арапча үйрөндү жана төрт жашында окуй баштаган куранды 1951-жылы 10 жашында толугу менен жаттап, хафыздыгыны толуктады.

1952 Хасанкале Күндөрү Хасанкале'де жашаган молдо Хажы Сыткыдан кыраат(тажвид) үйрөндү.

1954 Сади Эфендиден Арапча сабактарын ала баштады Фетхуллах Гүлен, Эрзурумдагы Куршунлу мечитинин мадресесинде Алвар Имамынын (Азирети Мухаммед Лүтфи) небереси Саади Эфендиден сабак ала баштаган.

1954 1954 жылы 10 январда чоң ене жана чоң атасы дүйнөдөн кайтты.

1954 жылы январда чоң энеси Мунисе айым жана чоң атасы Шамил бир саат аралыгында дүйнөдөн кайтты.

1955 Эрзурумдагы Окуучулук Күндөрү Куршунлу Мечитинин Медресесинден чыгып Кемхан Мечитинин жанындагы медреседе 6 ай окуду. Ал жерден да чыгып Ташмесжидке барды. Таштанды абалындагы Ахмедийе Мечитинде өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен бир бөлмө даярдап Зиннур деген досу менен ошол жерге жайгашты. Бул жерде Осман Бекташ Хожадан сабак ала баштады. Эдирнеге кеткенге чейин жалгыз ушул жерде жашады.

Алгачкы Баяныны 14 жашында айтты 1955-жылы 14 жашта жана Эрзурумдагы медреселерде окуучу болгонуна карабай Коружук жана Алвар айылдарынын мечиттеринде баян айта баштаган.

12.03.1956 Китептерин окуп мугалимим деп эсептеген мугалими Азирети Алварлы (Мухаммед Лутфи Эфенди) дүйнөдөн кайтты. 1868- жылы туулган Мухаммед Лутфи 1956 жылы 88жашында дүйнөдөн кайтты.

1959 Эрзурумдан Эдирнеге барды Эрзурумдан Эдирнеге барды. Эдирнеде имам Хүсейин Топтун жардамы аркылуу кең чөйрөлүү болуп, кирген сынактарынын баарынан өттү. Бирок аскердик кызматын өтөй элек болгондугу үчүн 6-август 1959- жылы расмий түрдө Үчшерефели Мечитинин жардамчы имамы болуп дайындалды. Эки жарым жыл Үчшерефели Мечитинин бир терезесинде жашады.

29.03.1960 Үйлөнүү маселесинин чечими Эдирнеде жашаган жылдарынын башында тууганы болгон Хүсейин Топ Хожа аркылуу бир үйлөнүү маселеси сунушталды. Бирок сунуш жана талап кыз тараптан болгондуктан кабыл кылалбады. Бул окуя 1960-жылы Рамазан майрамында өткөн.

10.11.1961 Аскерге барды Анкара шаарында аскердик кызматка баштады.

1963 Аскерден Кийинки Күндөр

1963- жылдын Март айында аскердик кызматын толуктады. Аскерден кийин туулган жери Эрзурумга барып бир канча убак үй-бүлөсүнүн жанында жашады. Ушул убактарда Мевлана жөнүндө бир конференсия берди. Комүнизм менен Күрөш Фондунун курулушунда болду.

1964 Кайрадан Эдирнеге баруу Аскерден кийин 1 жылга жакын Эрзурумда жашады. Андан кийин кайрадан Эдирнеге кайтты. 4-июль 1964- жылы Дарүл Хадис мечитинин Куран Курсунда мугалим жана мечитте имам болуп иштей баштады.Азыр Профессор болгон Суат Йылдырым ал убактар Эдирне муфтиси эле. Экөө бир үйдө бирге жашады.Дарулхадис мечитинин имам бөлмөсүндө сабактарга башташты.

31.07.1965 Эдирнеден Кыркларели шаарына жөнөтүлдү Эдирнеде 1 жыл жашады. Кыркларели шаарына жиберилүүсүн суранды. 1965-жылы 31-июльда Кыркларели шаарынын борбордук мүфтиятына жөнөтүлдү.

18.02.1968 Биринчи Жолу Ажыга Баруу Измир шаарындагы Кестанепазары Куран Курсунда мугалим болуп жүргөндө Диний иштер Башкармалыгындан Лүтфү Доган телефон чалып Диний Кызматкер статусунда ажыга жиберилип жатканын айтты. Ошол жылы биринчи жолу ажыга барды.

1971 12-Март Аскердик Кыймыл болгонго чейин Кестанепазарындан кетти.

1971-жылы 12-Март окуясындан мурун Кестанепазары Куран Курсундагы ишинден кеткен.

03.05.1971 Түрдүү жалаалар менен Көзөмөлгө алынды

29.06.1974 Маниса шаарына жиберилди 2жыл 4 ай Эдремит шаарында иштеди. Андан кийин Маниса шаарына жөнөтүлдү.

20.09.1974 Атасы Рамиз Эфенди дүйнөдөн кайтты Рамазан айынын үчүнчү күнүндө, атасы Рамиз Эфенди дүйнөдөн кайтты.

1975 Конференсиялар бере Баштады

1975-жылы “Куран жана Илим”, “Дарвинизм”, “Алтын Урпак”, “Коомдук Адилет” жана “Пайгамбарлык” аттуу конференсиялар бере баштады.1976-жылы да уланган бул конференсияларга байланыштуу Измир шаарындан тышкары Анкара, Чорум, Малатия, Диярбакыр, Коня, Анталия, Айдын облустарында да болуп өттү.

28.09.1976 Манисадан Измир шаарынын Борнова микрорайонуна жиберилди. 2жыл, 3 ай Манисада иштеп, андан кийин Борновага жиберилди. Бул жерде 1980-жылдын 12-Сентябрьында болгон аскери окуяга чейин иштеди.

1977 Башка өлкөлөрдөгү Конференсиялары

1977-жылы Германияга барып, бирканча жерлериндеде түрдүү маектер жана конференсиялар берди.

26.08.1977 Истанбулдагы Биринчи Баяны Истанбул шаарындагы Йени Жами мечитинде биринчи ваазыны берди. Баянынын темасы «Мусулмандын биринчиден болуп өзүнө жана эгосуна чеки дүзен берүүсү» эле.

1979 Сызынты Журналында макала жаза баштады

05.09.1980 Борновада акыркы Баяныны берди жана Тургут Өзал менен жолугушту. 12- Сентябрь 1980 аскердик кыймылдан бир апта мурун 5-Сентябрь жума күнү акыркы баянына чыкты. Баянынан кийин ошол убактагы президент Тургут Өзал менен мечиттин имам бөлмөсүндө жолугушту.

12.09.1980 Аскер Өкмөттү Кулатты 12- Сентябрь 1980 аскердик кыймылдан артынан ишини кылууга мүмкүнчүлүк тапкан жок.

20.03.1981 Мүфтияттагы ишини таштады 12- Сентябрь 1980 аскердик кыймылдын артынан өзгөчө кырдаал жарыяланып, оорлошкон шарттардын натыйжасында ишинден өз калоосу менен кетти.

06.04.1986 Бүйүк Чамлыжа Мечитинде 6 жылдан кийин Баян берди

01.07.1988 Йени Үмит Журналында Макалалар жаза баштады

21.09.1991 Эбеди Рисалет Семпозиумунда бир конферанс берди

05.05.1992 Америкада президент Тургут Өзалды зыярат кылды

18.04.1993 Президент Тургут Өзалдын өлгөнүнө байланыштуу газеталарда көңүл айтуу жарыялады.

28.06.1993 Апасы Рефиа Гүлен дүйнөдөн кайтты

29.06.1994 Журналисттер жана Жазуучулар Фондунун ачылыш аземинде болду

Фетхуллах Гүлен, Журналисттер жана Жазуучулар Фондунун ачылыш аземине катышуу үчүн Дедеман мейманканасында болду

30.11.1994 Премиер министр Тансу Чиллерди зыярат кылды Зыярат Премиер министр Тансу Чиллердин түрдүү блоктор менен жолугушуу долбоорунун негизинде болду.

06.12.1994 Премиер министр Тансу Чиллер менен кылган жолугушуусу жөнүндө пресс билдирүү жарыялады. Фетхуллах Гүлендин Адвокаты Фети Үн, Премиер министр Тансу Чиллер менен болгон жолугушуусуна коомчулукта айтылган түрдүү ушак-кептерге пресс билдирүү жарыялады.

11.02.1995 Полат Ренeсанc мейманканасында Журналисттер жана Жазуучулар Фондунун иптарына катышты

02.08.1995 Туркия мамлекетинин парламент башчысы Хүсаметтин Жиндорукту зыярат кылды Фетхуллах Гүлен, парламент башчысы Хүсаметтин Жиндорукту парламенттеги бөлмөсүндө зыярат кылды.

14.09.1995 Ден соолугуна байланыштуу жүрөгүнө Анжийо кылдырды. Фетхуллах Гүлен узун убактан бери өзүнү тынчсыздандырган жүрөк орууларынын себебини такташ үчүн Американ орууканасында жүрөгүнө анжийо жасатты.

19.10.1995 Голландиялык бир Телевизор каналына репортаж берди. Бул репортажда жашоосу, көз-карашы, кылган иштери, Ислам жана лаиклик темалары боюнча суралган суроолорго жооп берди.

1995 Диалог сыйлыктарынын берилүү аземине катышты. Журналисттер жана Жазуучулар Фонду тарабынан уйуштурулган 1995 Диалог Сыйлыктары, Чыраган Сарайында белгиленген аземде өз ээлерине берилди.

04.04.1996 Патрик Бартхоломеос менен Жолугушту Акыркы жылдарда жалпы коомдук Диалог темасына эң көп көңүл бурган Фетхуллах Гүлен жана Фенер Рум Патриги Бартхоломеос жылуу чөйрөдө жолугушуп, Туркияда мусулман жана мусулман эмес элдер арасында Диалогту баштатты.

30.09.1996 Журналисттер жана Жазуучулар Фондунун 3-жылында ' Кең келечегибиз үчүн бирдикте' аттуу жыйынында сүйлөдү. Журналисттер жана Жазуучулар Фонду уюштурган жыйынга көптөгөн адамдар катышты.

08.11.1996 Фатих Университетинин Ачылыш Аземине Катышты Истанбулдун Бейликдүзү районунда курулган Фатих Университети 08-Ноябрь 1996'да Президент Сүлейман Демирел тарабынан ачылды. Ачылышка Алпарслан Түркеш, Рыза Акчалы жана көптөгөн саясатчы, билим адамдары жана ишадамдары катышты. Фетхуллах Гүлен бардык коноктор жана Президент менен жакын маанайда болду.

04.03.1997 Американ Орууканасында Медициналык Контролдон өттү Фетхуллах Гүлен, Американ Орууканасында Медосмотрдан өттү.Анын ден-соолугун текшерген кардийолгия доктору Др. Фүсун Дегирменжиоглу, ден сооулугунун жакшы болгонун бирок, дем алышы керектигин айткан. Гүлен болсо өзүнү жакшы эле сезип жатканын бирок акыркы сөздү докторлордун айтаарын билдирген.

11.06.1997 Ден-Соолугуна байланыштуу Амеркиага кетти Көптөн бери өзүнү кыйнап жүргөн жүрөгүнүн кысылуусуна байланыштуу Америкага кетти Охио штатында жүрөгүнө анжийо жасатты.

09.02.1998 Ватиканда 2-Папа Джон Паул менен жолугушту Ватиканда диндер аралык Диалог үчүн Католиктердин лидери 2-Папа Джон Паул менен 30 мүнөт чамасында бир жолугушуу өткөрдү.

18.02.1998 Папа Жолугушуусу жөнүндө пресс билдирүү өткөрдү. Фетхуллах Гүлендин диндер аралык Диалогтун бекемделиши жана толеранттуулук үчүн 2-Папа менен жолугушуусуна коомдо түрдүү сын-пикирлер жана ушак сөздөр айтыла башталганына байланыштуу пресс билдирүү өткөрдү.

19.02.1998 Дүйнө Чиркөөлөр Биримдигинен Гүленге Тынчтык/Достук зыяраты кылынды. Палестинада согуштун добушу көтөрүлүп жатканда, Ортонку чыгыш өлкөлөрүндө (Арап өлкөлөрү жана Туркия) Тынчтык орношу үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Чиркөөлөр Биримдиги (ЖМЕП) үч кишилик бир делегация менен Гүленге тынчтык үчүн деп зыярат жасашты.

25.02.1998 Хахамбашы Елияху Бакхси Дорон менен Жолугушту Фетхуллах Гүлен, Журналисттер жана Жазуучулар Фондунда Израилдин Сефарат Хахамбашы Елияху Бакхси Дорон менен жолугушту.

19.03.1998 Түрк Дүйнөсүнө Кылган Салымдары үчүн ‘Түрк 2000дер Фондундан’ сыйлык алды. Түрк 2000дерФонду Түрк дүйнөсүнө өз салымдарын кошкон 20 кишиге сыйлык берди. Сыйлык алгандардын арасында Фетхуллах Гүлен да бар эле.

06.05.1998 Орус ОРТ Телевизоруна Репортаж берди. Бул репортажда Түрк-Орус элдеринин мамилелери, Фетхуллах Гүлендин жашоосу жана ойлору деген темаларда маек курулду.

21.03.1999 Ден-Соолугуна байланыштуу Лечение үчүн Амеркиага барды Фетхуллах Гүлен 21-Март Базар күнү мурун орууканадан берилген чакырууга макул болуп Америкага кетти.

12.09.2001 Америкадагы 11-Сентябрь 2001 жылдагы терористтик атакага байланыштуу билдирүү жарыялады. 08/09/2004 Орусиянын Түндүк Осетя чөлкөмүндө бир мектепке жасалган терористтик атакада өлгөндөрдүн кайгысын тең бөлүшкөндүгү жөнүндө прессада көңүл айтуу жарыялады.

29.08.2007 Фетхуллах Гүлен Туркияда 11-Президент болуп шайланган Абдуллах Гүлгө куттуктоо жиберди.

01.08.2008 Форейн Полиси Журналына Репортаж берди Фетхуллах Гүлен, дүйнөгө таанымал мамлекеттер арасы кызматташтык журналы Форейн Полисиге репортаж берди. Журналдын суроолоруна жооп берип жатканда өмүрүндө эч саясий максатынын болбогонун жана мындан кийин да болбой тургандыгын айтты.

01.03.2009 Диалог Аврася Журналынын 2009-жылдын жазгы санында репортажы жарыяланды Фетхуллах Гүлен, Орус интелигенттеринин 'Гүлен Кыймылы, Мектептер, 'Диалог Аракеттери, 'Модерн Ислам Түшүнүгү жана Проблемалары, ' Мусулман элдери менен Батыш элдеринин ортосундагы Түшүнбөстүктөр’, 'Орус Маданияты’, 'Орусия менен Туркиянын көп тараптуу мамилелери' жана 'Орусияга келейин деген ойуңуз барбы' деген суроолоруна жооп берди.