Фижи доллары (белгиси: FJD; коду: 242) — Фижинин улуттук валютасы[1]. Бир фижи доллары 100 центтен турат.

Фижи доллары  (кырг.)

Fiji Dollar  (аңгл.)
Dollar des Fidji  (фр.)

5 доллар
5 доллар 1 цент
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору FJD (242)
Символдор FJ$
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Фижи
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Цент (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20, 50 цент жана 1, 2 доллар
Банкноттор 5, 10, 20, 50, 100 доллар
Тарыхы
Киргизилди 13.01.1969
Мурда колдонулган валюта Фижи фунту
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Фижинин резервдик банкы
www.rbf.gov.fj
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Фижи доллары Уикиказынада

Тарыхы

түзөтүү

1867-1873-жылдар аралыгында фиджиде доллар жана цент бирдигиндеги биринчи кагаз акчалар чыгарылган. Бир фижи долларынын куну АКШ күмүш долларына барабар болгон. Кийин Фижи өзү Британ империясынын колониясына айланган жана доллар британ фунтуна алмаштырылган.

Доллар 1969-жылы фижи фунтун алмаштырып, кайрадан жүгүртүүгө киргизилген. Валютанын куну 1 фунт = 2 фижи доллары же 10 шиллинг = 1 фиджи доллары деп бекитилиген.

1987-жылдан тартып Фижи өз алдынча республика болгонуна карабастан, 2012-жылга чейин банкноттордо жана монеталарда Елизавета II портрети түшүрүлүп келген[2].

Монеталар

түзөтүү

1969-жылы 1, 2, 5, 10 жана 20 центтик номиналдагы жана 1975-жылы 50 центтик номиналдагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. Монеталардын курамы жана өлчөмү австралиялык монеталардын курамдарына жана өлчөмдөрүнө негизделген.

1990-жылы монеталардын курамы өзгөртүлгөн: 1 жана 2 центтик монеталар жез капталган болоттон, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар никель капталган болоттон жасалган.

1995-жылы жезден жасалган 1 долларлык монета жүгүртүүгө киргизилген. 1 жана 2 центтик монеталарды чыгаруу толугу менен токтотулган.

Банкноттор

түзөтүү
 
Фижинин 1872-жылдагы 10 доллар номиналындагы банкноту

Биринчи долларлар

түзөтүү

Фижинин биринчи бир долларлык купюрасы 1867-жылы чыгарылган. 1871-1873-жылдар аралыгында 1, 5, 10, 25 жана 50 долларлык купюралар колдонууга чыгарылган. Ошол эле жылдары Какобау падышасынын демилгеси менен 12½, 25, 50, 100 цент жана 5 долларлык купюралар жарык көргөн.

Кийинки долларлар

түзөтүү

1969-жылы Фижи Өкмөтү 50 центтик, 1, 2, 5, 10 жана 20 долларлык банкнотторду чыгарган. 1980-жылы банкнотторду чыгарууну Борбордук каржы органы (англ. Central Monetary Authority), ал эми 1987-жылы Фижинин резервдик банкы ишке ашырган. 1995-жылы 1 долларлык банкнот монетага алмаштырылган жана ушул эле жылы 50 долларлык купюра жүгүртүүгө киргизилген.

2007-жылдын 10-апрелинде жаңы банкноттор сериясы чыгарылган, 100 долларлык банкнот киргизилген[3]. Банкноттордун дизайнынын иштеп чыгуу 2002-жылы башталган. Бардык купюралар британиялык «De La Rue Currency & Security Print Company» компаниясы тарабынан басылып чыккан[3].

2012-жылы банкноттордун жаңы сериясы чыккан. Мурда 2 доллардык купюра монетага алмаштырылган. 5 долларлык купюра полимердик заттардан жасала баштаган. Елизавета II портрети жапайы жаратылыштын сүрөттөрүнө алмаштырылган. Банкноттордун реверси (арткы бети) дээрлик өзгөргөн эмес.

2017-жылы Рио-де-Жанейро шаарында болгон олимпиада оюндарында регби-7 боюнча улуттук курама тобунун жеңишинин урматына карата 7 долларлык эстелик банкнота чыгарылган[4].

2007-жылы чыгарылган сериядагы банкноттор

түзөтүү
Сүрөт Номинал

(кин)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылган жылдары Суу белги
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети (реверс)
2 131×67 жашыл Елизавета II портрети, Фижинин герби, медальон (фижи mohar) Улуттук стадиондун фонунда балдар жана Коробасабасага тоолору 2007-2011
5 136×67 күрөң Елизавета II портрети, Фижинин герби, туз үчүн себети (фижи kato ni masima) Brachylophus vitiensis, Балака, Дегенерия 2007-2011
10 141×67 кызгылт көк Елизавета II портрети, Фижинин герби, идиш (фижи i buburau ni bete) Joske's Thumb Тынч океан мейманканасы 2007-2011
Файл:20 FJD obverse 2007.jpg Файл:20 FJD reverse 2007.jpg 20 146×67 көк Елизавета II портрети, Фижинин герби, кокос үчүн кыргыч (фижи foa) Токойлорду кыюу жана кен иштетүү иштери, Улуинабукелеву тоосу 2007
Файл:50 FJD obverse 2007.jpg Файл:50 FJD reverse 2007.jpg 50 151×67 кызгыл сары Елизавета II портрети, Фижинин герби, мончок (фижи wasekaseka) табу жана ягона жергиликтүү ырым-жырымдары 2007
  100 156×67 сары Елизавета II портрети, Фижинин герби, мончок (фижи buli kula) Фижинин картасы, аралдардагы туризмдин негизги түрлөрү 2007

Алмаштыруу курсунун режими

түзөтүү
Базардагы курсу
Google Finance (.../FJD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../FJD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../FJD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../FJD): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү