Физикалык билим берүү – окуучуларга жаратылыштын физикалык кубулуштары жана мыйзам ченемдери, материянын түзүлүшү, касиеттери жана кыймылынын мыйзамдарды жөнүндө билим берүү.

Физикалык билим берүүнүн максаты:

  • окуучулардын аң-сезиминде физикалык билимдердин тутумун, башкача айтканда илим фактыларды, түшүнүктөрдү, мыйзамдарды, теорияларды, физика илиминин изилдөө методдорун, алардын иш жүзүндө колдонулушун, дүйнөнүн физикалык сүрөттөлүшүн жана башка калыптандыруу;
  • материянын түзүлүшүнүн чексиздигин жана биримдигин, аны ар дайым таанып-билүүгө боло тургандыгын ачып көрсөтүү;
  • жаратылыштагы физикалык кубулуштардын диалектикалык мүнөзүн, сакталуу жана айлануу закондорунун универсалдуулугун түшүндүрүү;
  • физика илиминин өнүгүшүндө теория менен тажрыйбанын ажырагыс байланышын, практиканын таанып-билүүдөгү маанисин ачып берүү;
  • окуучулардын билимге өз алдынча ээ болуусун, физикалык кубулуштарды байкай билүү жана түшүндүрө алуусун, басма сөз каражаттары менен иштей билүү ыкмаларын калыптандыруу;
  • кыргыз жергесинде байкалуучу жаратылыштын ар кандай кубулуштарынын элдик баяндамасын, астрономиялык байкоолордун негизинде ар кандай алдын-ала айтуулардын маанисин түшүндүрүү;
  • илим-техникалык өнүгүштүн башкы багыттары – энергетика, байланыш, эл чарбасын автоматташтыруу жана механикалаштыруу, космосту өздөштүрүү, электрондук-эсептөөчү техника физика илимине негизделгендигин, физикалык мыйзамдардын техникада, өндүрүштүк жана маалыматтык технологияларда колдонулушу менен тааныштыруу ж. б.

Физикалык билим берүү орто мектептен башталат. Башталгыч мектептин «Мекен таануу» курсунун мазмунуна физика илиминин алгачкы элементтери киргизилген. Физикалык айрым кубулуштар, заттардын түзүлүштөрү жөнүндөгү маалыматтар 5-класстын «Табият таануу» курсунда берилген. Ал эми физиканын тутумдуу курсу 7–11-класстарда окутулат. Орто мектептин мамлекеттик билим берүү стандартына жана программага ылайык физика курсу эки баскычтан туруп (7–9, 10–11-класстар), алар өз алдынча бүткөн курс катары каралат.

Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында физика курсу атайын мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн окуу планы, окуу программасы жана окуу китептеринин негизинде жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004