Фортунатов Филипп Фёдорович

Фортунатов Филипп Фёдорович (1848-1914) - орус тилчиси, инди-европеист жана славист, Петербург ИАнын академиги (1898). Москва университетин бүткөн (1868).

  • Москва университетинин профессору (1876-1902).
  • Москва лингвистика мектебин негиздөөчү.
  • Эмгектеринин кыйласында инди-европа тилдери изилденет.
  • Магистрлик диссертациясында (1875) байыркы инди жазма дарегин изилдеп, тилдин ой жана коом менен байланышы жөнүндөгү оюн айтат.
  • «Инди-европа тилдеринин салыштырма фонетикасынын кыска очерки» (1922) менен «Эски славян тилинин фонетикасы боюнча лекция» (1919) ж. б. эмгектеринде тилди система катары карайт.
  • Ал Фердинанд де Соссюр менен бир убакта лингвистикалык изилдөө иштерин формалдаштыруу деп аталган окууга негиз салып, балтика жана славян тилдериндеги басымдын оошуу законун аныктаган (Фортунатов - де Соссюр закону).
  • Сөз формаларынын теориясынын негизинде морфологиялык өзгөчө классификация түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9