Фосфориттер - деңиз шартында пайда болгон фосфаттуу заттар менен каныккан чекме тоо тектер.

Фосфорит.

Негизги составын майда бүртүкчөлүү же аморф түзүлүшүндөгү фосфаттуу кальций тобундагы апатит, мартинит ж. б. минералдар түзөт. Фосфориттер Жердин геол. тарыхындагы бардык мезгилдерде (системаларда) пайда болгон чөкмө тоо тектерде учурайт, бирок өнөр жай маанисиндеги кондентрациясы протерозой заманынан неоген мезгилине чейинки убакта пайда болгон.

Фосфориттердин геосинклиналдар, четки ойдуң, жаш платформалар, байыркы платформалар формациялары менен байланыштуу кендери белгилүү. Негизги кендери көбүнчө жаш платформалар менен геосинклиналь областында топтолгон. Таза фосфориттин өңү ак. Жаратылышта кара, күрөң, жашыл, кызыл, сары, ачык күрөң түстө кезигөт. Ф. чекме тоо тектердин арасында катмар, линза, уя, конкреция түрүндө жайгашат. Кендери бай (составындагы P2Os - 24%дан көп), орточо (18-24%), жарды (5-18%) болуп ажыратылат. Ири кендери АКШ, Марокко, КЭР, Тунис, Алжир, МЭР ж. б-да бар. Фосфориттер жер семирткич катары айыл чарбасында кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.