Фотолюминесценция - жарыктын таасиринен пайда болуучу (дүүлүгүчү) люминесценция.

Фотолюминесценциянын жөнөкөй түрү - зат атомторунун резонанстык нурланышы. Мындай Фотолюминесценцияда атомдор дүүлүктүргүч нурдун жыштыгына барабар электр-магнит нур чыгарат. Татаал тузүлүштөгу заттардын Фотолюминесценциясы Стокс эрежеси боюнча дүүлүктүргүч жарыктын жыштыгынан аз нурду бөлүп чыгарат. Көпчүлүк учурда бул мыйзам аткарылбастан, тескерисинче, нурланган жарыктын жыштыгы дүүлүктүргүч жарык жыштыгынан көп болушу байкалат.

Татаал түзүлүштөгү молекулалар жарыкты жуткандан кийин аларда энергияны кайра бөлүштүрүү болгондуктан нурлануу спектри дүүлүктүргүч жарыктын жыштыгына көз каранды эмес. Суюктук жана катуу заттар үчүн С. И. Вавилов дүүлүктүргүл жарыктын толкун узундугунун жазы тилкесинде Фотолюминесценциянын кванттык сарпталышы (нурланган кванттарлын дүүлүктүргүч кванттардын санына болгон катышы) туруктуу, ал эми спектрдин нурлануу тилкесинде жаткан толкун узундугунда кескин азаюу законун аныктагыч.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.