"Франкенштейн" (англ. Frankenstein) же "Заманбап Прометей" — англиялык жазуучу Мэри Шеллинин романы. Китепте салттык эмес илимий тажрыйба жүргүзүп, гротеск бирок адам түспөл макулук жараткан жаш окумуштуу Виктор Франкенштейндин окуясы баяндалат. Шелли 18 жашка толгондо окуяны жаза баштап, романдын биринчи басылышы анонимдик түрдө Лондондо 1818-жылы ал 20 жашта болгондо жарык көргөн. Анын аты-жөнү биринчи жолу 1823-жылы Парижде чыккан экинчи басылышында пайда болгон.

Франкенштейн (1818).

Шелли 1814-жылы Европаны кыдырып, Германиядагы Рейн дарыясына саякат кылып, Гернсхайм жергесине токтогон. Гернсхайм Франкенштейн сепилинен болгону 17 км алыстыкта жайгашкан. Аталган сепилде болсо эки кылым мурун бир алхимик тажрыйбаларды жүргүзүү менен алектенген. Кийинчерээк ал Женеванын (Швейцария) аймакатырынын бирине барган. Ошол жерде ал галванизм жана адаттан тыш темаларды жолдоштору, өзгөчө сүйгөнү жана келечектеги жубайы Перси Шелли менен кеп кылышкан Мэри, Перси, Лорд Байрон жана Жон Полидори өз ара ким эң мыкты коркунучтуу окуя жаза алат экен деп жарышууну чечишет. Бир канча күн ойлонгондон кийин Шеллинин түшүнө бир окумуштуунун колунан жаралган үрөй учурчу макулук кирет. Бул түш кийин анын романына айланган.

"Франкенштейн" готикалык романдардын жана романтизм кыймылынын элементтерине толгон. Ошол эле учурда бул эмгек илимий фантастикалык чыгарманын эң алгачкы үлгүсү болуп саналат. Брайан Олдисс бул эң биринчи чыныгы илимий фантастикалык эмгек деп таанылышы керек деп айткан. Анткени мындан мурун жаралган, фантастикалык элементтерди камтыган, илимий фантастикалык сыяктуу көрүнгөн окуяларга салыштырмалуу бул чыгармадагы баш каарман "атайын чечим кабыл алып, укмуштуудай натыйжага жетиш үчүн лабораторияда заманбап тажрыйба жүргүзүүгө өзүн багыштайт." Китеп адабиятка жана элдик маданиятка белгилүү бир таасирин тийгизип, коркунучтуу окуялардын, тасмалардын жана спектаклдердин жанрынын жаралышына түрткү болгон.

Романдагы басылып чыгарылгандан кийин "Франкенштейн" деген ат көп учурда желмогуз деген маанини туюнтуп калган. Бул сөздүн мындай колдонулушу кээде туура эмес деп эсептелгени менен комментаторлор аны жакшы эле кабыл алынып сиңип кеткен сөз катары кабыл алышкан. Романда желмогузга "макулук", "түрү суук", "жин", "шордуу", "аборт" жана "ал" сыяктуу сөздөр менен ишарат кылынат. Виктор Франкенштейнге кайрылып макулук "Өз эмгегиңдин Адамы" жана башка жерде "Сенин Адамың болгон" деген сөздөрдү айтат. Бирок ал "Сенин көзү өткөн периштең" (Макулук өзү окуган "Бейиште жоголгон Лүсиферге" жана китептин экинчи аталышы "заманбап" Прометейге байланыштуу ошентет) болгон болот.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү