Френель күзгүсү - жарык интерференциясын байкоого арналган оптикалык түзүлүш.

Фр. физик Ж. Френель сунуштаган (1816). Ф. к. өз ара 180°тан кичине бурч түзгөн эки (I жана II) жалпак күзгүдөн турат. S жарык булагы аларда S: жана S0 жалган сүрөттөлүштөрдү берет. Натыйжада бул булактардан жарык таралып жаткандай көрүнөт. Чынында жарык бир гана S жарык булагынан чыккандыктан, эки күзгүдөн чагылган жарык когеренттүү болот. Алар кичине бурчу менен кесилишет жана АВ экранында интерференцияны пайда кылат. Жарыктын кезектешкен ак жана кара тилкелери пайда болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4