Фузариоз - фузариум уруусундагы мите козу карын пайда кылуучу өсүмдүк илдети (лат. Fusarium).

Фузариоз.

Илдет козгогуч өсүмдүк калдыгы менен топуракта көпкө сакталат. Эгилме өсүмдүктүн көбүнө зыян келтирет. Фузариоздо бир катар өсүмдүк солуп. тамыр чиригине чалдыгат. өсүмдүктөн машагы, сотосу, өнүмү, уругу, мөмөсүн бузуучу түрү да бар. Өсумдүк Фузариозго чалдыкканда мите козу карындын мицелийи өсүмдүк сөңгөгүнө толуп, топурактан азык зат менен чыгып келишин тосуп, уулуу зат ((Еузария кислотасын) бөлүп чыгаргандыктан өсүмдүк солуйт.

Фузариоздон көбүнчө гозо, зыгыр, капуста, ашкабак. дан жана чанактуу өсүмдүктөн. картошка солуйт. Тушүм начарлайт. айрым учурда өнүм жапырт чыкпайт. Күрөш чарасы: которуштуруп эгүү, Фузариозго байымдуу сортторду чыгаруу, талаада өсүмдүк калдыгын чогултуп өрттөө, илдетсиз таза үрөн себүү, көчөт тигүү. Фузариоз тамыр чиригиче дан ж. б. өсүмдүктөр, ошондой эле бадыраң. дарбыз, коон, помидор, мөмө дарагынын көчөтү чалдыгат. Фузариоз көбүнчө өтө нымдуу шартта пайда болот.

Булардан башка Фузариоздон өсүмдүктүн ак кебер илдети да болот. Ал түздүк буудай, кара буудай, көп жылдык чөптөрдү илдетке чалдыктырат. Эрге жазда өсүмдүк жалбырагын үлбүрөк ак кебер басат. Илдеттүү дан бозоруп, чүрүшөт. Мындай дан адамга жана малга зыяндуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.