Фундамент (лат. fundamentum - негиз), пайдубал - имараттын жана курулманын жер же суу астындагы жана жарым-жартылай жер үстүндөгү бөлүгү.

Фундамент.
Фундамент (Кот-д'Ивуар).

Фундаменттин конструкциясы геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарга жараша атайын эсептеп чыгаруу менен тандалат. Аны долбоорлоого материал тандоо жана анын конструкциялык түрүн негиздөө; элементтеринин тереңдигин эсептөө, чөгүшүн аныктоо, өлчөмүн көрсөтүү, негизге берилүүчү күчтөрдү эсептеп чыгаруу жана Фундаментти куруу ыкмалары киргизилет. Конструкциялык түрүнө карата - курулуштун таманына плита катары төшөлүүчү туташ Фундамент, түркүк астына узата төшөлүүчү тилке Фундамент, дубалды көтөрүп туруучу устундар же аркалар менен байланышкан Фундамент, туташ жана тилке Фундаменттер айкалыштырылган Фундамент болуп бөлүнөт.

Фундамент табигый жана жасалма таштан, бетондон же темир-бетондон тургузулуп, панелден салынган имаратка көбүнчө курама Фундамент, кирпичтен салынганга курама же монолиттүү Фундамент курулат.

Жүк көтөрүүчү түркүктөр бир тектүү эмес негизге орнотулса, бир нече түркүктүн астына монолиттүү тилке темир-бетон Фундамент, өзүнчө түркүктүн астына курама же монолиттүү темирбетон Фундамент коюлат. Курама жана тилке Фундаменттер көңдөй блоктордон куралып, алардын саны, өлчөмү, оордугу курулуштагы крандардын жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша аныкталат. Түркүктөрдүн, дубалдардын чөгүшүн бир калыпка келтирүү жана подвалдын таманын жер астындагы суудан сактоо үчүн салынган туташ Фундамент устундуу же устунсуз темир-бетон плитасына окшош курулат. Фундаменттин бийиктиги ага таасир этчү күчтөрдүн өлчөмүнө, жердин тоңушуна, жанаша турган курулуштун жайгашуусуна ж. б. карата белгиленет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.