Корш Фёдор Евгеньевич

Ф. Е. Корш‎»‎ барагынан багытталды)

Корш Фёдор Евгеньевич (1843, Москва — 1915, Москва) — орус илимпозу. К. славян, иран, араб, армян, санскрит, түрк тилдери боюнча белгилүү адис, фонетика, ыр түзүлүшү, текстология маселелерин изилдеген илимпоз, котормочу, акын жана прозачы болгон. Байыркы түрк ыр түзүлүшү боюнча изилдөөсүнүн илимий мааниси зор. Анын илимий кызыкчылыгынан кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы да сыртта калган эмес. Ал В. В. Радлов жарыялаган Манас эпосунун тексти менен терең тааныш болгон. 1909-ж. жарыялаган «Древнетюркский стих» аттуу макаласында В. Радлов жарыялаган тексттен мисал келтирип, байыркы түрк ыр түзүлүшүнүн бир көрүнүшү катары караган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4