ХХ кылымдын гомери
Гиннестин рекорддор китебинде дүйнөдөгү эң узун поэма кыргыз элинин “Манас” эпосу эсептелинет деп жазылган. А бирок “Манасты” айткан манасчылар Гиннестин рекорддор китебине кирбей калышкан. Эгер калыс караган болсо, манасчылардын жоон тобу китепке киришмек да элибиздин өзгөчөлүгү дүйнө жүзүнө дүңк этип жайылып кетмек экен.
“Манас” эпосу дүйнөдөгү эң сонун көркөм чыгарма экендигинде талащ жок. Дүйнө коомчулугу эпостук улуулугун таанып жаткандан кийин демек аны айтуучулар ошого тете эмгек кылгандыгында шек жок.
Ошондой адамдардын бири ХХ кылымдын Гомери аталган манасчы замандашыбыз, кыргыз эл артисти Саякбай Каралаев. Саякбай атабыз 12 жашынан атасы менен бай манаптарга жалчы жүргөн. Граждандык согуш учурунда ак гвардиячыларга, басмачыларга каршы күрөшкөн. 1884-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөң кыштагында дүйнөгө келип, 1971-жылы борборубуз Бишкекте каза болгон. Ал өз заманында Чоюке, Акылбек деген белгилүү манасчылардан таалим алган. Ал тубаса таланты менен “Манас” эпосун өлбөс кылып жаратып койду. Андан 1932-1947-жылдар ичинде “Манас” үчилтигинин толук варианты жазылып алынган.
Саякбайдын вариантынын жалпы көлөмү 500553 сап ыр. Бул дүйнө элдерине кеңири белгилүү Гомердин “Иллиадасы” менен “Одиссеясынан” 20 эсе, “Шах-Наамеден” 5 эсе, “Махабхаратадан” 2,5 эсе чоң дегендик. Саякбайдын варианты Манастын салттуу окуяларын толук камтыган, бай мазмуну, элдик терең идеясы, эң жогорку көркөмдүктө жазылганы менен өзгөчөлөнүп турат. “Манастын” белгилүү окуяларын үйрөнүп алып, жөн гана кайталап айтуу менен чектелбей, анын мазмунун кеңейтип көркөмүн арттырган улуу манасчы. Ал дүйнө жүзүнө ириде атактуу манасчы катары белгилүү. Анын бул өнөрүн талантын, чеберчилигин “Манас” эпосун изилдегендердин көбү жогору баалап” ХХ кылымдын гомери деп аташкан.
Жазуучу Чыңгыз Айтматов “Эгер менеден өз элимдин улуу адамдарынан кимди билесиң? деп сураса мен биринчи Саякбай Каралаевди айтаар элем”, - деп жазган.
Колдонулган адабияттар
“Эркин Тоо" газетасы Ж.Осмонкулов