Караханид-уйгур тили (хакан - "падыша", термини Махмуд Кашгари, Караханид, Буграхан - Жусуп Баласагунинин термини) - байыркы уйгур тилине жакын адабий тил.

Хакан тили – 10-к. – 13-к-дын башында азыркы Кыргызстанда (Теңир-Тоодо), түштүк Казакстанда, Чыгыш Түркстанда ж-а Мавераннахрда түрк элдери үчүн орток жазма адабий тил.

Бул термин Махмуд Кашгаридин “Диванынан” кезигет.

Жусуп Баласагуни аны “Буура хандык тил” деп белгилеген. “Х.Т.” чигил тилинин негизинде пайда болгон деп бир катар изилдөөчүлөр божомолдошот.

“Х. т.” кийинки кыргыз, казак, өзбек, уйгур, каракалпак тилдеринин башаты болуп саналат.

Пайдаланылган адабияттар: түзөтүү

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Шилтемелер түзөтүү