Халач тилиИранда сөйлөнүүчү түрк тили. Жазма тил катары өздүгү жок, бирок тил катары сүйлөөчүлөрү бар. 2017-жылдагы эл каттоого ылайык 52 800 сүйлөшүүсү бар[3]. Бул тил немис түркологу Герхард Доерфердин көңүлүн буруусу менен ошол убакка чейин тили жагынан карапайым түрк калкы деп эсептелген жана азербайжан тилинин диалектинде сүйлөгөн халач калкы жана тили түрк тил илиминде маанилүү орунга ээ болгон. Бирок кийинчерээк халачтар азербайжандардын бир тайпасы эмес экени жана алардын тили азербайжан тилинин диалектиси эмес, эски түркчөнүн өзгөчөлүгү бар түрк тили экени белгилүү болду[4]. Бул тилге бүгүнкү күндө фарс тилинин чоң таасири тийген[5][6]. Тилде теги белгисиз 150дөй сөз бар[7].

Расмий аталышы:

خلج

Өлкөлөр:

Иран

Колдонгондордун жалпы саны:

52.800 (2017)[1]

Классификациясы
Түрмөгү:

Түрк тилдери

Жазылышы:

Фарс алфавити

Тилдер коду
ISO 639-1:

ISO 639-2:

tut

ISO 639-3:

klj

Халач тили — аргу деген байыркы түрк тилинин небереси[2][8]. 11-кылымдагы түрк лексикографы Махмуд Кашкари халач тилинин жазма үлгүлөрүн биринчилерден болуп берген, ал негизинен азыркы халач тилине дал келет[9].

Географиялык жайылуусу

түзөтүү

Халач тилинде негизинен Ирандын борбордук провинциясында сүйлөшөт. Доерфер сүйлөчүүлөр санын 1968-жылы болжол менен 17 000 жана 1978-жылы 20 000 деп эсептейт. "Ethnologue" 2017-жылга карата сүйлөгөндөрдүн саны 52 800гө чейин өскөнүн кабарлайт.

Диалектилери

түзөтүү

Халач тилинин негизги диалектилери түндүк жана түштүк. Бул диалектилердин ичинде айрым айылдар жана сүйлөчүүлөрдүн топтору ар кандай кеп үлгүлөрүнө ээ.

Грамматика

түзөтүү

Фонетика

түзөтүү

Үнсүздөр

түзөтүү

Халаччанын түрк тилдериндеги ордун эң чечүүчү жагы, балким, прото-алтайлык *п- тыбышынын уландысы катары эсептелген прототүрк тилиндеги гипотетикалык *h- тыбышынын сакталышында. Орто монгол тилинде h- жана азыркы манжур тунгус тилдеринин бири нанай тилинде п- катары көрүнгөн бул тыбыш түрк тилдеринде сейрек кездешсе да, үзгүлтүксүз учураган жалгыз тил – халач тили[4].

Үндүүлөр

түзөтүү

Халач тилинин аныктоочу аспектилеринин бири прототүрк тилинде бар деп кабыл алынган негизги созулган үндүүлөрдү сактап калууда. Якут жана түркмөн тилдеринен башка созулма үндүүлөр үзгүлтүксүз сакталган бирден-бир түрк тили – халач тили. Доерфердин пикири боюнча, халач тилинде үндүү узундуктун белгилүү түрү гана эмес, кадимки созулган тыбыштардан тышкары, үчүнчү түрү болгон эгиз созулган тыбыштардын да бар. Халач тилинде үч түрдүү а жана үч түрдүү үндүү квантитити (quantitiit) бар[4].

Алфавити[4]

түзөтүү
Колдонулган Транскрипция
ا‎ a, ā; ẹ̄; آ ā
ب‎ b
پ p
ت‎ t
ث‎
ج‎ c
چ ç
ح‎
خ‎
ر‎ r
ز‎ z
ژ j
د‎ d
ذ‎
س‎ s
ﺵ‎ ş
ص‎
ض‎ ḍ, ż
ط‎
ظ‎
ﻉ‎ ʿ
ﻍ‎ ġ
ف‎ f
ق‎
ك‎ k
گ g
ل‎ l
م‎ m
ن‎ n, ŋ
و‎ v; او u, ü, o, ö, ū, ǖ
ه‎ h; ﻪ e, a
لا la
ى‎ y; اى i, ï, ī, ï̄
ىٌ ė
ء ʾ

Сөз байлыгы

түзөтүү

Халач лексикасынын өзөгүн түрк тили түзөт, бирок көптөгөн сөздөр фарс тилинен алынган. Коңшу түрк тилдеринен, тактап айтканда Азербайжандан кирген сөздөр да бар.

Сандар

түзөтүү

Халач тилинде сандар түркчө, бирок кээ бир сүйлөөчүлөр "80" жана "90" сандарын фарс тилиндеги терминдер менен алмаштырышат:

  • 1 - [biː]
  • 2 - [æk.ki]
  • 3 - [yʃ]
  • 4 - [tœœɾt]
  • 5 - [bieʃ]
  • 6 - [al.ta]
  • 7 - [jæt.ti]
  • 8 - [sæk.kiz]
  • 9 - [toq.quz]
  • 10 - [uon]
  • 20 - [ji.giɾ.mi]
  • 30 - [hot.tuz]
  • 40 - [qiɾq]
  • 50 - [æl.li]
  • 60 - [alt.miʃ]
  • 70 - [yæt.miʃ]
  • 80 - [saj.san] (Түркчө), [haʃ.tad] (Фарсча)
  • 90 - [toqx.san] (Түркчө), [na.vad] (Фарсча)
  • 100 - [jyːz]
  • 1000 - [min], [miŋk]

Булак: Dorfer & Tezcan (1994) p. 158-9

Котормо IPA
Кожо Насреддиннин уулу болгон. biː ki.niː mol.laː nas.ɾæd.diː.niːn oɣ.lu vaːɾ-aɾ.ti
Ал: «Ой, ата, мен аял алгым келет» деди. hay.dɨ ki "æj baː.ba, mæn ki.ʃi ʃæj.jo.ɾum"
Атасы: «Уулум, биздин уйубуз бар; – Уйду саткан акчага сага аял алып берели, - дептир. hay.dɨ ki "bɒː.ba bi.zym biː sɨ.ɣɨ.ɾɨ.myz vaːɾ, je.tib‌ bo sɨ.ɣɨ.ɾɨ saː.tɨ, naɣd ʃæj.i puˑ.lĩn, jæk biz sæ‌ ki.ʃi al.duq

Булактар

түзөтүү
  1. ethnologue.com. Текшерилген күнү 14 Апрель 2009. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2013.
  2. 2.0 2.1 Lars Johanson, Éva Ágnes Csató Johanson, (1998), The Turkic Languages, p. 81
  3. Archive copy. Текшерилген күнү 16 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2021.
  4. 4.0 4.1 4.2 4.3 Mehmet Ölmez, Halaçlar ve Halaçça, Türk Halkları ve Dilleri: 2, s. 15-22.. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 18 -август (баш оона) 2018.
  5. Archive copy. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2019.
  6. Archive copy. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 18 -август (баш оона) 2018.
  7. Gerhard Doerfer, (1978), Khalaj and its relation to the other Turkic languages, p. 17-20
  8. Martine Robbeets, (2015), Diachrony of Verb Morphology: Japanese and the Transeurasian Languages, p. 8
  9. Ölmez, Mehmet (February 1995). "Halaçlar ve Halaçça" (PDF). Çağdaş Türk Dili (in Turkish). 7 (84): 15–22. ISSN 1300-1345. OCLC 222016380. Archived (PDF) from the original on 2011-11-12. Retrieved 2020-03-18.