Харакоз Петр Иванович (1906-1998) - советтик педагог жана методист, педагогика илимдеринин доктору (1968), профессор (1970).

  • Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
  • Симферополь педагогикалык институтунун адабият жана лингвистика бөлүмүн бүткөн (1930).
  • 1933-1935-жылдары Сүлүктү шаарындагы орто мектепте мугалим, 1935-1948-жылдары Фрунзе педагогикалык окуу жайында окутуучу.
  • 1948-жылдан республиканын борборундагы жогорку окуу жайларда (Кыргыз педагогикалык институту, Кыргыз сырттан окуу педагогикалык институту, КМУ) орус тилинен сабак берет.

Харакоз - кыргыз мектептеринде орус тилин окутуу методикасына негиз салгандардан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9