Харди-Вайнберг мыйзамы
Харди-Вайнберг мыйзамы — бир жуп аллелдүү гендери боюнча айырмаланган (А - а) эркин аргындашуучу (менделдик, панмиксиялык) популяцияда генотиптик класстарынын бөлүштүрүү жыштыгын түшүндүрөт. 1908-ж. Г. Харди жана В. Вайнберг тарабынан бири-биринен көз карандысыз, өз алдынча аныкталган. Р =А аллелинин ж-а q = а аллелинин жыштыгында (p+q=1) үч генотиптик класстардын - АА, Аа ж-а аа жыштыгы P2+2pq+q2=1 ди түзөт. Харди-Вайнберг мыйзамы популяциялык генетикалык үчүн олуттуу мааниге ээ, себеби тукум куугучтуктун Мендель мыйзамдары популяциялык деңгээлде фенотипке чыгышын чагылдырат. Харди-Вайнберг мыйзамы сырткы чөйрөнүн шарттарынын салыштырмалуу туруктуулугунда жетишээрлик чоң өлчөмдөгү панмиксиялык популяциянын теңсалмактуу абалын мүнөздөйт. Бирок бул популяциялар табигый шарттарда туруктуу, тез - тез өзгөрүүлөргө кабылышат. Ошондуктан Харди-Вайнберг мыйзамын кийинки популяциядагы генетикалык түзүлүштөр үчүн алгачкы, эң жөнөкөй үлгү катарында кароо керек.
Булактар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4