Хачапури (груз. ხაჭაპური [xɑtʃʼɑpuri] Файл тууралуу маалымат угуу) — Грузин ашканасында эң көп даярдалуучу даам, грузиндердин ундан жасалуучу улуттук тамак-ашы[1][2], 2019-жылы ал Грузиянын материалдык эмес байлыктарынын тизмесине киргизилип, ал тургай эстелик да орнотулган. Хачапурини грузин тилинен которгондо “хача” – сыр, “пури” – нан дегенди түшүндүрөт. Бул нанды Грузиянын ар кайсы чөлкөмүндө ар түрдүүчө даярдашат. Айрымдар жабык токоч, төрт бурчтук конверт түрүндө, кээ бирөөлөр кайык формасында бышырышат. Бирок кандай формада болбосун негизин быштак же сыр түзөт.[3].

  1. ХАЧАПУРИ, Кулинарный словарь В. В. Похлебкина, 2002
  2. ХАЧАПУРИ, Кулинарный словарь. Зданович Л. И. 2001
  3. Sputnik. Хачапури признали памятником культурного наследия Грузии (орус.). sputnik-georgia.ru. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2019.
Хачапури
Пайда болгон өлкөсү

 Грузия

Курамы
Негизги курамы:

сыр, нан и chicken egg

Khachapuri