Херд аралы жана Макдональд аралдары

Херд аралы жана Макдональд аралдары ( англ. Heard Island and McDonald Islands, HIMI) — Инди океанынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан чакан ээн (турукту эл турбаган) архипелаг[1]. Эки чоң жана көптөгөн майда аралдардан турат. Австралиянын көз каранды аймагы болуп эсептелет.

География түзөтүү

 
Түштүк океанда Херд аралы жана Макдональд аралдарынын орун алуусу
 
Херд аралы жана Макдональд аралдары картасы

Херд аралы жана Макдональд аралдары архипелагы дүйнөдөгү эң алыскы кургактыктардын бири болуп саналат:

Аралдар түзөтүү

 
Херд аралындагы Маусон чокусунун көрүнүшү

Херд аралы түзөтүү

Херд аралы (53°06′ ю. ш. 73°31′ в. д.HGЯO) — Кергелен платосунун суу астындагы жайгашкан жанар тоосунун чокусу болуп саналат. Аралдын узундугу 43 км, туурасы 21 км. Аралдын (жана архипелагдын) эң бийик чокусу 2745 м бийиктиктеги Моусон чокусу. Ал ошондой эле Австралиянын эң бийик чекити да болуп эсептелет. Херд аралынын 80% кар жана муз менен капталган. Аралдын жалпы аянты 368 км².

Макдоналд аралы түзөтүү

Макдональд аралы (53°03′ ю. ш. 72°37′ в. д.HGЯO) — Херд аралынын батыш тарабында, 44 км алыстыкта жайгашкан. Бул арал да жанар тоодон пайда болгон арал. Эң бийик чокусу 230 м, жалпы аянты 2,5 км².

Башка аралдар түзөтүү

  • Шаг-Айленд аралы.
  • Морган аралы.
  • Саил жана Блэк зоолору.

Бул кичинекей аралдардын тобу Херд аралынын түндүгүндө, 10 км алыстыкта жайгашышкан. Майда аралдарынын жалпы аянты 1,1 км². Архипелагдын аянты 372 км².

Климат түзөтүү

Бул аралдардын аймактарынын климаты субантарктикалык: кышы жылуу (+0,1°С) жана жайы суук (+4,2°С) деп мүнөздөлөт. Жыл бою согуп турган шамалдын ылдамдыгы 26-33,5 км/саат. Шамалдын ылдамдыгы 180 км/саатка чейин жетиши мүмкүн. Херд аралында жылдык жаан-чачын 1300-1900 мм чейин жетет. Төрт күндүн үчөөсүндө аралдарда жамгыр (кар аралаш же кар) жаап турат[3].

Херд аралынын климаты боюнча маалыматтар (1981-2010)[4][5]
Айлар Янв Фев Март Апр Май Июн Июл Авг Сен Окт Ноя Дек Жыл
Рекорддук жогорку °C (°F) 20.1

(68.2)

18.0

(64.4)

19.9

(67.8)

20.4

(68.7)

19.3

(66.7)

14.0

(57.2)

15.0

(59.0)

15.4

(59.7)

16.8

(62.2)

16.4

(61.5)

14.6

(58.3)

19.2

(66.6)

20.4

(68.7)

Максималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) 6.4

(43.5)

6.5

(43.7)

6.3

(43.3)

5.3

(41.5)

3.7

(38.7)

2.3

(36.1)

2.2

(36.0)

2.2

(36.0)

2.2

(36.0)

3.3

(37.9)

4.1

(39.4)

5.4

(41.7)

4.2

(39.5)

Орточко күнүмдүк °C (°F) 4.7

(40.5)

4.8

(40.6)

4.6

(40.3)

3.6

(38.5)

2.2

(36.0)

0.9

(33.6)

0.5

(32.9)

0.4

(32.7)

0.5

(32.9)

1.5

(34.7)

2.4

(36.3)

3.8

(38.8)

2.5

(36.5)

Минималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) 3.0

(37.4)

3.1

(37.6)

2.8

(37.0)

1.9

(35.4)

0.7

(33.3)

−0.6

(30.9)

−1.1

(30.0)

−1.4

(29.5)

−1.1

(30.0)

−0.2

(31.6)

0.7

(33.3)

2.1

(35.8)

0.8

(33.5)

Рекорддук төмөнкү °C (°F) −0.5

(31.1)

0.2

(32.4)

−1.7

(28.9)

−2.9

(26.8)

−4.8

(23.4)

−7.2

(19.0)

−6.2

(20.8)

−11.5

(11.3)

−8.6

(16.5)

−7.1

(19.2)

−6.2

(20.8)

−0.7

(30.7)

−11.5

(11.3)


Дагы окуңуз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. Австралиянын айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин он чакты кызматкерлери экологиялык абалды вахталык ыкма менен үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат.
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 2.5 Картадагы шаарлардын ортосундагы аралыктар(анлисче)
  3. Климат жана аба ырайы (англисче)
  4. Moyennes 1961–1990 Australie (Ile Heard) (французча)
  5. Météo Climat stats for Ile Heard (англисче)

Тышкы шилтемелер түзөтүү